Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:44

Талибдердин айынан таарынышкан ооган кыргыздары


Иллюстрациялык сүрөт.

"Талибан" кыймылынын бийликти басып алышы оогандык кыргыздардын кооптонуусун күчөттү. Улуу Памирдеги кыргыздар учурда абал туруктуу дегени менен Ооганстандын ири шаарларында жашагандар Кыргызстанга кетүүнүн айла-амалын издеп жатышат.

Ооганстанда кырдаал курчуганда айрым кыргыздар Тажикстанга кире качса, айрымдары кыргыз өкмөтүнө кайрылып, көчүрүп кетүүнү суранган.

Кичи Памирде жашаган Абдурашит Сүтай учурда абал туруктуу экенин, эл кыштын камын көрүп, кем-карчын толуктап жүргөнүн "Азаттыкка" билдирди.

"Бизде абал туруктуу. Айыл-апа, тууган-урук жакшыбыз. Тээ башта талибдер келип кетишкен. Азыр келген жок. Учурда кышка тоют камдап, кыргыздар чөп чабыктабыз. Кудайга шүгүр абал тынч", - деди памирлик кыргыздардын бири.

Деген менен Ооганстандын баш калаасы Кабулда жашаган айрым кыргыздар өлкөдөн чыгып кетүүнүн амалын таппай убара. Алар башкалаа Кабул талибдердин колуна өткөндөн кийин мамлекеттик кызматынан кол жууп, эми алардын бутасына кабылсак кантебиз деп кооптонуп турганын "Азаттыкка" билдиришкен эле.

Ооганстандын Мазари-Шариф шаарынын тургуну, өзүн Эмруллах деп тааныштырган кыргыз жигит Кыргызстанга виза алуу үчүн документтерин элчиликке тапшырганын, бирок жылыш жок экенин айтат.

"Мен документтеримди топтоп, Кыргызстандын Кабулдагы элчилигине эки ай мурда тапшыргам. Элчиликтин кызматкерлерине барып сураганымда алар "сенин документтериң Кыргызстанга кеткен, күтүп турушуң керек" деп айтышты. "Кыргызстандан жооп келгенде гана жардам беребиз" дешти. Азырынча эч жакка кабар бербей, күтүү керектигин эскертишти. Кырдаал аябай курч. Талибдер үйгө чейин келип текшерген күндөр болуп атат", - деди Эмруллах.

Ал буга чейин Ооганстанда мамлекеттик кызматта иштегенин, мындан улам талибдердин тыкыр текшерүүсүнө кабылганын кошумчалады.

Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинен оогандык кыргыздардын виза алуу маселеси боюнча суроолорубузга жооп ала алган жокпуз.

Кырдаал курчуганда ал өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар мекенине жеткирилген. Августтун ортосунда Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатканы кабарланган.

Ал эми Ооганстандын Вахан аймагындагы Андемин айылында жашаган 350гө чукул этностук кыргыз 13-14-июль күндөрү топ-топ болуп Тажикстандын аймагына качып киришкен. Көп өтпөй расмий Дүйшөмбү аларды артка кайтарган эле.

"Ооган кыргыздары" бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токерден боордоштор эл аралык укукту билбегендиктен, ушундай абалга кептелгенин, учурда Памирге кайтып барып, өз тиричилигин кылып жатышканын кабарлады.

"Учурда памирлик кыргыздардын арасында "кеткендер-кетпегендер" деген бөлүнүү пайда болду. Айылда калгандар Тажикстага кире качып, кайра кайткандарга "силер качкынсыңар" деп катышпай жатышыптыр. 40 жыл бүтпөгөн согуш памирлик кыргыздарды бөлүп-жарып отуруп, азыр теңи Түркияда, теңи Кытайда, калганы Ооганстанда күн көрүүдө. Эми айылдыктар да өз ара бөлүнүп, таарыныч болуп жатыптыр. Болбосо жашоо-турмуш Памирде өз нугуна кирип, соодагерлер келип, мал-жан саткандар болуп атыптыр", - деди Токер.

Бүнямин Токер.
Бүнямин Токер.

Ал ошондой эле, ооган кыргыздары ошол жерде туулуп, ал элдин тилин сүйлөп калганы менен абал курчуганда тарыхий мекенине кайтуу тилеги күч алганын баса белгиледи.

"Ооганстанда туулуп-өскөн, ата-энеси кыргыз жаштар өздөрүн кыргызбыз деп билишет. Бирок, албетте, тилдери, үрп-адаты бурулуп, оогандардын кийимин кийип калышы мүмкүн. Бийликке талибдердин келиши менен өлкөдөн тез арада чыгып, өздөрүнүн тарыхый мекени деп саналган Кыргызстанга кетсекпи деген тилектери бар. Жок дегенде балдарыбыз тынч, бакубат Кыргызстанда жашаса деп тилешет", - деди Токер.

Оогандык кыргыздардын мындай изги тилегинин жөнү бар. Анткени өткөн аптада казак бийлиги Кабулдан 35 этностук казакты Алматыга алып келди.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 35 кишиден сырткары төрт казакстандык, бир кыргызстандык жана Казакстанда туруктуу жашаган бир оогандык атайын борт менен учуп келгенин кабарлаган.

Бул "Талибан" радикал тобу бийликке келгенден бери Ооганстандан Казакстанга келген алгачкы каттам болду. Нур-Султан буга чейин Кабулдан өз жарандарын коопсуздукка байланыштуу чыгарып кеткен болчу.

Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарт жок Чоң жана Кичи Памир тоолорун байырлайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG