Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыргызстан талиб өкмөтүнүн тамырын тартты


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегация Кабулда биринчи жолу "Талибан" өкмөтүнүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президенттин басма сөз кызматы бул делегация Ооганстанга гуманитардык жардам жеткиргенин билдирди.

Бул талибдердин ооган бийлигин колго алгандан берки Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку жетекчилери менен ачык жарыяланган алгачкы жолугушуусу болуп калды.

Күтүүсүз жолугушуу

Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) өкмөт мүчөлөрү Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн президенттин басма сөз кызматы бейшембинин кечинде ырастады.

Расмий маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кыргызстандын элинин атынан ооган калкына гуманитардык жүк жеткирди.

Бул жүк Кабул шаарында "Талибандын" жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадарга тапшырылган. Бирок расмий маалыматта Ооганстанга кандай жана канча суммадагы гуманитардык жүк жеткирилгени так айтылган жок.

“Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен Абдул Гани Барадардын ортосунда кеңири маек болду. Анын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, өлкөдөгү жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты”, - деп билдирди "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Маалыматка ылайык, бул жолугушууда Барадар гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Ооганстандын муктаждыктарын жана өлкөнүн каржылык эсептери ачылбай жатканын айткан.

Кыргызстандын гуманитардык жардамын жеткирип барган учак.
Кыргызстандын гуманитардык жардамын жеткирип барган учак.

Ошондой эле, Таалатбек Масадыков "Талибандын" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен да протоколдук жолугушуу өткөргөн. Аталган жолугушуу тууралуу алгач 23-сентябрда талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид "Твиттерге" жазып, сүйлөшүү маалында тартылган үч сүрөттү жарыялаган болчу.

Кыргызстандын делегациясы Кабулга барары алдын ала ачык жарыяланган эмес. Андыктан мындай кабар көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.

Кантсе да бул жолугушуулар Кыргызстанда тыюу салынган "Талибан" кыймылынын Ооганстанда бийликти колго алгандан бери Борбор Азиядагы мамлекеттердин жогорку жетекчилери менен алгачкы ачык сүйлөшүүсү болуп калды.

"Талибан" менен сүйлөшүү аракетиби?

Коопсуздук кеңешинде президент Садыр Жапаровдон кийинки эле экинчи орунда турган жетекчинин Кабулга сапары эл аралык аренада "Талибандын" өкмөтүн таануу керекпи деген маселе кабыргасынан коюлуп турган учурга туура келди.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков 21-сентябрда "Азаттыкка" маек куруп, Ооганстанга жаңы бийлик келгени факт экенин, алар менен байланыш түзүү зарылдыгын айткан болчу.

"Анткени изоляцияда таштап койсок таптакыр башкача болуп кетиши мүмкүн. "Талибандын" режими 1990-жылдары бийликке келгенде аларды үч гана мамлекет таанып, калгандары тааныбай койгондо, эмне болуп кеткенин биз да билебиз. Тарыхта да өз башыбыздан өткөргөнбүз. Ошондуктан биздин позиция: контакттар болушу керек, консультация өтүшү керек. Аларды мамлекет катары тааныйбызбы же тааныбайбызбы, ал экинчи маселе. Бирок, биринчиден, гуманитардык жардамды, аз болобу, көп болобу, ооган элине көрсөтүү керек. Экинчиден, консультацияларды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Андан кийин алардын берген убадалары аткарыларын же аткарылбай турганын көрүш керек", - деп билдирген Масадыков.

"Талибан" америкалык аскерлер май айында Ооганстандан чыга баштагандан бери чабуулдарын күчөтүп отуруп, 15-августта Кабулду курчоого алган эле. Аны улай президент Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кетиши менен ооган өкмөтү кулаган.

31-августта чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан толук чыгып кетип, талибдер сентябрь айынын башында жаңы өкмөттү курашкан. Жалаң эркектерден жана "Талибандын" мүчөлөрүнөн турган өкмөт өзгөчө Батыш өлкөлөрүндө сынга кабылган болчу.

Азырынча "Талибандын" бийлигин дүйнөдө бир дагы мамлекет расмий тааный элек. Бирок чөлкөмдөгү Кытай, Орусия, Пакистан жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер талибдер менен байланышта экенин билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Дүйшөмбүдөгү саммитинде Ооганстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, региондо диний негиздеги мамлекеттин калыптанышы, уюмга мүчө мамлекеттердеги кырдаалга терс таасирин тийгизерин айткан. Ошол эле учурда Жапаров кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн Ооганстандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары боюнча диалог жүргүзүү зарылдыгын билдирген.

Эми Бишкектин Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп, талибдер менен байланыш түзгөнүнө кандай баа берүүгө болот?

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев "Масадыковдун Ооганстанга сапарын туура деп эсептей турганын" "Твиттерге" жазды.

Эксперт, коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов "Талибан" менен сүйлөшүүгө азырынча эрте экенин айтты.

"Эртеби-кечпи эл аралык коомчулук талибдерди тааныса керек. Бирок Орусия бул кыймылды террордук уюмдардын тизмесине киргизгени белгилүү. Талибдер БУУнун "тыюу салынган уюмдар" деген тизмесинен да чыгышы керек. Экинчиден, негизги оюнчулар азыр акмалап күтүп турушат. Биздин талибдер менен байланыш түзүү же сүйлөшүү өткөрүү аракетибиз эртерээк деп ойлойм. Эгер чоң мамлекеттер күтүп жатса, анда биз да шашылбашыбыз кажет. Мен талибдер ал мамлекетти оңдоп кетет деп ишенбейм. Анткени алар бул иш менен буга чейин алектенген эмес. Ал жакта жарандык согуш уланышы мүмкүн. Тартип болбойт. Алар экономиканы калыбына келтириши керек. Биз үчүн алар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү эртелик кылат деп ойлойм", - деди Бейшенов.

Борбор Азиядагы кайчы пикир

Талибдер Кабулду ээлегенден бери Борбор Азияда Ооганстандагы кырдаалдын жана шариаттын негизинде иш алып барган талиб өкмөтүнүн регионго болжолдуу таасири тууралуу талкуулар уланып келе жатат. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдү жана бул аймакта таасири күч Орусияны өзгөчө коопсуздук маселеси жана ооган качкындарынын агымы тынчсыздандырып келет.

Масадыков башында турган делегация менен "Талибандын" өкмөтүндөгү премьер-министрдин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадардын (ортодо) жолугушуусу.
Масадыков башында турган делегация менен "Талибандын" өкмөтүндөгү премьер-министрдин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадардын (ортодо) жолугушуусу.

Буга чейин Москва талибдер "Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч туудурбайбыз" деп убада бергенин билдирген. Ошол эле учурда Орусия Ооганстандагы экстремисттик топтордун чөлкөмгө таасирин байма-бай эскертип, Жамааттык коопсуздук келишими уюму Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик машыгууларды өткөрүп жатат.

Талибандын өкмөтүнө байланыштуу Борбор Азияда кеминде эки башка пикир өкүм сүрүүдө. Региондогу бир нече өлкө талибдер менен кайсы бир деңгээлде диалог курууга басым жасап жатат. Маселен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 21-сентябрда БУУдагы кайрылуусунда Ооганстан изоляцияда калбашы керектигин белгилеп, ооган жергесине товар жана электр энергиясын берүү иши кайра жанданганын айткан.

Бирок Ооганстандагы пуштундардан кийинки эле эң ири этностук топтун же оогандык тажиктердин кызыкчылыгы эске алынышын талап кылган Тажикстандын бийлиги "Талибандын" өкмөтүн сындап жатат. 16-сентябрда тажик президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Дүйшөмбүдөгү соңку саммитинде талибдердин жаңы өкмөтүндө Ооганстандагы саясий, этностук көп түрдүүлүк жана гендердик теңчилик сакталбай калганын айткан эле.

"Талибдер өлкөдөгү башка саясий жана этностук топтордун кеңири катышуусундагы инклюзивдүү өкмөт түзүү тууралуу мурдагы убадаларынан баш тартты жана өз кыймылынын мүчөлөрү башында турган, орто кылымдагы шариаттын мыйзамдарына негизделген исламчыл эмират түзүлгөнүн жарыялашты", - деп айткан Рахмон.

Парижде жашаган тажикстандык саясат таануучу Парвиз Муллоджанов "Азаттыкка" курган маегинде өткөн аптада Дүйшөмбүдө өткөн ЖККУнун жана ШКУнун саммиттери чөлкөмдө "Талибанга" байланыштуу кайчы пикирлер бар экенин күбөлөп койгонун айтты.

"Саммиттин катышуучулары Ооганстан маселеси боюнча эки тарапка бөлүнүп калышты. Кытай менен Орусия диалог керек экенин кыйла ачык айтышты. Керек болсо Ташкент ооган өкмөтүнүн чет өлкөдөгү банк эсептери кайра ачылышы керектигин билдирди. Кыргызстан менен Казакстан да диалогду колдоду. Ал эми Тажикстан, Индия жана Иран “Талибандын” өкмөтүнө каршы пикирлерин айтышты. Алар ооган өкмөтүнүн курамын өзгөртүү үчүн талибдерге кандайдыр бир басым көрсөтүүнү да сунушташты", - деди Муллоджанов.

Чөлкөмдөгү бир топ лидерлер 16-17-сентябрь күндөрү ЖККУ менен ШКУнун Дүйшөмбүдөгү саммиттерине катышты.
Чөлкөмдөгү бир топ лидерлер 16-17-сентябрь күндөрү ЖККУ менен ШКУнун Дүйшөмбүдөгү саммиттерине катышты.

Эл аралык уюмдар узак жылдык согуштан жапа чеккен Ооганстанды каатчылык тооруп турганын, жагдайды быйылкы кургакчылык ого бетер оорлоштуруп койгонун эскертип жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар талибдер бийликке келгенден бери Ооганстанга бериле турган финансылык жардамды убактылуу токтотушкан эле.

Талибдер соңку жыйырма жыл ичинде кыймыл өзгөргөнүн билдирип, "өлкөдө адам укуктары сакталат" деп убада кылып жатат. Бирок кыймылдын соңку эрежелери жана жаңы өкмөтүнүн курамы эл аралык укук коргоо уюмдарын тынчсыздандырып келет.

"Талибан" 1996-2001-жылдары бийликте турганда катаал жазалоочу чараларды киргизип, аялдарга үйүнөн башка жерде иштөөгө тыюу салынып, алар паранжы кийип жүрүүгө милдеттендиргени белгилүү.

Талибдер Кабулду ээлеген 15-августтан бери Ооганстандан он миңдеген адам чыгып кетти.

Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясына жолдогон видео кайрылуусунда Кыргызстан 500дөй ооган жаштарына студенттик виза бере аларын айткан. Ал ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандан көчүрүлүп жаткан мекемелерин убактылуу Бишкекке жайгаштырууну сунуштаган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG