Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Жапаров ЖККУ саммитинде Ооганстан боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди


Садыр Жапаров ЖККУнун саммитинде. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан. 16-сентябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров ЖККУнун саммитинде. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан. 16-сентябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Дүйшөмбүдө өтүп жаткан саммитинде Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди. Мамлекет башчысы ЖККУ алкагындагы аймакта аскердик-саясий кырдаал тынчсыздандырып жатканын белгилеп, аны чечүүдө Кыргызстан биргелешип иштөөгө даяр экенин айтты.

Ошол эле учурда президент Жапаров Бишкек Ооганстан менен достук мамилени колдоорун жана ички иштерине кийлигишпөөнү жактай турганын маалымдады.

Мамлекет башчы Ооганстандын жаңы бийлиги менен диалогго барып, өлкөдөгү кырдаалды тез турукташтырууга мүмкүн болгон варианттарды сүйлөшүү зарылдыгын айтты.

"Биз Ооганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз", - деди президент Садыр Жапаров.

Бүгүн, 16-сентябрда Дүйшөмбүдө ЖККУнун президенттеринин саммити өтүп жатат. 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) президенттери жыйын курат. Мамлекет башчылар эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлат.

Талкуулана турган негизги маселелердин бири – Ооганстандагы соңку кырдаал.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG