Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргызстанда алгачкы жолу семетейчилер сынагы өтөт


"Мыкты семетейчи" сынагы.

2021-жылдын 22-25-сентябрь күндөрү дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VI фестивалынын алкагында алгачкы жолу "Мыкты семетейчи" аттуу республикалык сынак өтөт.

Сынактын негизги максаты - семетейчиликти аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, өнөр ээлерин жана жаш семетейчилерди коомчулукка тааныштыруу, айтуучулук өнөрдү мындан ары да өнүктүрүү жана калың элди руханий агартуу маселесин колго алуу.

Сынакты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурууда.

Кароо-сынакты баалоо жана сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн анын курамына белгилүү манасчылар, тарыхчылар, манас изилдөөчүлөр, санжырачылар жана маданият ишмерлери кирет.

Сынакка катышууга жаш курагына чектөө коюлбайт. Сынак 24-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында, 25-сентябрда филармониянын алдында өтөт. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG