Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Бишкекте республикалык “Мыкты боз үй” кароо-сынагы өтөт


"Мыкты боз үй" кароо-сынагы.
"Мыкты боз үй" кароо-сынагы.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо, жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө максатында, VI Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалынын алкагында “Мыкты боз үй” кароо-сынагын өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Сынакка ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен жасалгаланган боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат. Бирок сынакка буга чейинки эпос фестивалына катышкан боз үйлөр катыша албайт.

Жеңүүчүлөрдү аныктоочу калыстар тобу көз карандысыз эксперттерден түзүлөт.

“Мыкты боз үй” кароо-сынагы 2021-жылдын 22-сентябрынан тартып 25-сентябрына чейин Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында өткөрүлөт.

Сынактын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. (MZh)

XS
SM
MD
LG