Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:24

Бишкек шаардык кеңеши жол кирени көтөрүү маселесин талкуулап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши борбор калаадагы муниципалдык жана коммерциялык жол кирени көтөрүү маселесин карап жатат. Вице-мэр Русланбек Акылбековдун депутаттарга берген маалыматына караганда, кичи автобустарда жүрүү акысын 15 сомго, ал эми автобус-троллейбустарда жүрүү акысын 11 сомго көтөрүү сунушталды.

Бирок айрым депутаттар жол кирени 50% көтөрүү жүргүнчүлөр үчүн оор болорун белгилеп, бир нече баскыч менен кымбаттатууну сунуштады. Вице-мэр жол кирени 50% көтөрүү учурдун талабы болуп турганын айтты.

"Аргасыздан барып жатабыз. Мындай кылбасак автопаркты талкалап алабыз. Ансыз деле азыр чыгашага иштеп жатышат. Жол киренин аздыгынан кичи автобустар эле эмес, айрым жеке менчик ишканалардын автобустары каттамга чыкпай коюшту",- деди Акылбеков.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилөөдө. Шаар бийлиги кийинки жылы автобус муктаждыгы жоюларын убада кылууда. Вице-мэрдин айтуусунда автобустар көбөйгөндө шаардын борбордук көчөлөрүндөгү кичи автобустар жаңы конуштарга жүргүзүлөт.


Мэриянын маалыматына караганда, ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттап жатат. Муниципалдык транспорттон тышкары "Шыдыр жол" ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй кичи автобустар эл ташууда.

Ордо калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Мэрия шаардык кеңешке маршруттук таксиге жол кирени 10 сомдон 15 сомго, автобус-троллейбустардыкын 8 сомдон 11 сомго көтөрүү боюнча токтом долбоорун киргизген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG