Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Шайлоо-2021: Чет өлкөлөрдө 57 добушкана ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын парламенттик шайлоодо добуш берүүсүн камсыз кылуу максатында добушканалардын саны 48ден 57ге көбөйдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоо тилкелери элчилик, башкы консулдуктардын имараттарында жайгашат.

Буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мекендештердин суранычы менен Орусиянын Хабаровск, Самара, Казан, Краснодар, Томск, АКШнын Нью-Йорк, Чикаго, Италиянын Кальяри жана Түркиянын Анталия шаарында добушкана ачуу пландалып жатканын айткан.

Министрдин айтымында, чет жакта 68 миңдин тегерегинде шайлоочу бар. Добуш берем деген жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодон өтүшү керек. Бул шайлоочулардын тизмесин аныктоого көмөк көрсөтөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга 75 партия арыз тапшырган. Учурда бир мандаттуу округдардан талапкерлер БШКга арыздарын тапшыра баштады.

Эми саясий уюмдар 13-октябрга чейин курултайларын өткөрүп, жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүүгө тийиш. Андан кийин 18-октябрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, тиешелүү документтер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырылат.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG