Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:30

Францияда 2015-жылдагы террордук чабуул үчүн айыпталуучунун соту болууда


Салах Абдесламдын колго тартылган сүрөтү.
Салах Абдесламдын колго тартылган сүрөтү.

Франциянын борбору Париж шаарындагы 2015-жылдагы 130 адам каза болуп, 400дөн ашуун адам жараат алган террордук чабуулдар үчүн негизги айыпкер катары соттолуп жаткан Салах Абдеслам кылмыштагы ролун моюнуна алып, мындай кадамга “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы жана Ирактагы өкүлдөрүнө карата француз өкмөтү жасаган аба чабуулдары үчүн барганын билдирди.

Тергөө учурунда эч нерсе айтпай койгон Абдеслам 15-сентябрда Парижде сот отурумунда көрсөтмө берип жатып курман болгондорго жана жабыркагандарга карата жеке эч кандай дооматы болбогонун айтты. “Биз Францияга каршы чыкканбыз”, - деди ал.

2015-жылдын 13-ноябрында “Ислам мамлекети” террордук тобунун тогуз согушкери жана жанкечтилер Париждин чет жакасындагы бир нече жерде теракт уюштурушкан. Бул окуя Франциянын Экинчи дүйнөлүк согуштан берки тарыхында эң көп жабыркоого алып келген чабуул болгон.

Чабуул уюштурган франциялык жана бельгиялык жарандардын арасынан жалгыз Абдеслам гана тирүү калган. (RK)

XS
SM
MD
LG