Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Косово: Боштондук армиясынын мурдагы командири Салих Мустафага иш козголду


Салих Мустафа сот залында.
Салих Мустафа сот залында.

Косовонун аскердик кылмыштар боюнча соту боштондук армиясынын мурдагы командири Салих Мустафага карата кылмыш ишин козгоду. Косоводогу 1998-1999-жылкы согуштагы этникалык албан жикчилдердин болжолдуу кылмыштарын иликтеген атайын соттун алгачкы иши 15-сентябрда Нидерланддын Гаага шаарында карала баштады.

Сот отурумунда прокурорлор Салих Мустафанын адам өлтүргөнүнө жана туткундарды кыйнаганына, аларга ырайымсыз мамиле жасап, соттун чечими жок кармаганына айныксыз далилдер бар экенин айтышты. Мындай кылмыштарга ал 1999-жылдын апрель айында Приштина шаарынын чыгышындагы Злаш шаарында барганы белгиленди.

49 жаштагы Салих Мустафа өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда. Ал былтыр Косовонун Коргоо министрлигинде кеңешчи болуп иштеп жатканда кармалган.

Мурдагы Югославиянын аймагындагы Косово согушу 1998-жылы февралда башталган. Ал кезде Сербиянын курамында провинция болгон Косоводогу албандардын эгемен өлкө болуу боюнча талаптары жана аракеттери күч менен басылган. Айрым маалыматтарга караганда, 230 миңдей карапайым албан үй-жайын таштап, жер которууга аргасыз болгон. Катуу ырбаган согушка 1999-жылы мартта НАТО аралашкан. Белград ушундан кийин гана Косоводогу согуштук аракеттерин токтоткон.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы биротоло жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды. Ал эми Сербия 2008-жылы бөлүнүп кеткен мурдагы провинциясынын эгемендигин тааныбай, Косовону Конституцияга ылайык өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG