Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

ЭлТР президентке жолдонгон кайрылуу тууралуу материалды териштирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы өздөрүнүн эфиринен көрсөтүлгөн "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген материалды териштирет. Бул тууралуу аталган телеканалдын жетекчиси Эрлан Догдурбеков "Азаттыкка" билдирди.

"Азыр ошол боюнча такташып жатабыз, такталгандан кийин кабар беребиз",-деди Догдурбеков.

14-сентябрда мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар "17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун, мазмуну өзгөрүп кеткенин билдирип чыгышкан.

Ушундан кийин 15-сентябрда депутаттар жана саясатчылар Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев жана Канатбек Исаев ИИМде суракта болушту. Алар маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген катка байланыштуу суроолорго жооп бергенин билдиришти.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек. Буга чейин президентке жолдонгон кайрылуунун коомчулукка чыгып кеткенине байланыштуу сын, доомат айтылган. "Азаттык" президенттин басма сөз кызматына да кайрылып, жооп күтүп жатат.

Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков кайрылууга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анда маданий кызматкерлеринин колу коюлган кайрылуунун артында ким турганын аныктап, мыйзам негизинде жаза тартуу талабы коюлган. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG