Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Сонунбү Кадырова: Президентке жазган катыбыздын биринчи бети өзгөртүлүп жарыяланып кетти


Сонунбү Кадырова оңдон экинчи. "Азаттык" радиосунун студиясы. 2021-жылдын 15-сентябры.
Сонунбү Кадырова оңдон экинчи. "Азаттык" радиосунун студиясы. 2021-жылдын 15-сентябры.

“Маданият ишмерлеринин президент Садыр Жапаровго кайрылуусу” деп интернетте тарап жаткан каттын тексти түп нускасынан бурмаланган. Бул тууралуу 15-сентябрда “Азаттык” радиосуна каттын автору, Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбү Кадырова билдирди.

Кадырова президентке “адамдарды чогултуп, ызы-чуу жана тополоң кылгысы келгендерге чара көрүү, аларды тартипке чакыруу” демилгеси менен кайрылганы чын экенин, эки барактан турган катынын биринчи барагындагы текст бурмаланганын, катка өзүнөн башка эч ким кол койбогонун айтты:

“Мен коллегаларыма телефон чалып, ушундай кайрылуу жасабайлыбы дегем. Кат 1,5 барак болгон. Маданият кызматкерлеринен макулдугун телефон аркылуу сурагам. Аларга катты окуп берген эмесмин. Катка алар кол койгон эмес. Бир гана өзүм кол койгом. Өзүм демилге көтөргөм. Президент Жапаровдун атына кат жазбайлыбы десем макул болушкан. “Телефон аркылуу макулдугу алынды” деп жазылып турат тиги жерде”.

Кадырова катта аты аталган бир топ адамды да, 100 миң киши тууралуу да жазбаганын билдирди:

“Ошол маалыматтарды мен жазган эмесмин. Биз кол койгон барак калып калган да биринчи бети өзгөрүлүп кеткен. Мен ал катты президенттин канцеляриясына таштагам. Ал президентке жеттиби же орто жолдон кызыкчылыгы бар башка адамдар аркылуу оңдолуп интернетке чыгып кеттиби, билбейм”.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышкан.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев “Азаттыктын” бул окуяга байланыштуу “Кайрылуунун мамлекеттик ЭлТР телеканалы сунуш кылган көрсөтүү менен байланышы барбы? Бийликтин түртмөгү менен оппозицияга каршы уюштурулган аракет дегенде канчалык жүйө бар?” деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:

“Бул суроону ЭлТРге бериш керек. ЭлТР эмне максатта андай көрсөтүү бергенин мен билбейм. Экинчиден, жаңы Конституцияда адам укугу өзгөчө корголгон. Эгер укук коргоо органдары күнөөсүз адамды камаса же ыдык көрсөтсө алар сотко кайрылып, моралдык чыгымын төлөтүп алганга да укугу бар. Укук коргоо органдары жаңы Баш мыйзамды билет болушу керек. Алар жөн жерден эле жанагыдай ишке барып жатышпаса керек”.

15-сентябрда депутаттар жана саясатчылар Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев жана Канатбек Исаев ИИМде суракта болушту. Алар маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген катка байланыштуу суроолорго жооп бергенин билдиришти. Айрымдары бийлик алдыдагы парламенттик шайлоого карата биригип жаткан командаларды алсыратуу аракетин көрүп жатканын айтышты.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек. Комментарий сурап бир нече жолу кайрылганыбызда мекеме азырынча маалымат жок экенин, болор замат дароо жарыяланарын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG