Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Тихановская Парижде Беларустагы кризисти жөнгө салуу зарылдыгын айтты


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская.
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская.

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская Франциянын президенти Эммануэл Макронду Беларустагы "кризисти жөнгө салуу үчүн чечкиндүү кадамдарга" барууга чакырды. Ал 15-сентябрда Париж шаарында Франциядагы төрт күндүк сапарынын биринчи күнүндө сүйлөгөн сөзүндө "демократиялуу өлкөлөр бекем жана принципиалдуу болушу керек" деп белгиледи.

"Дүйнөлүк лидерлердин колдоосу беларус элине эркиндик жана демократия үчүн күрөштө жалгыз эмес экенин түшүнүүгө жардам берди. Бирок өткөн жылдан бери Беларуста репрессия бир да күнгө токтогон жок", - деди Тихановская.

Беларус оппозициясынын лидери Франциядагы сапарынын алкагында президент Макрон менен жолукпайт. Бирок Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Бир күн мурда Тихановская Вильнюс шаарында Австриянын Европа Биримдигинин иштери боюнча министри Каролине Эдтштадлер менен жолуккан.

39 жаштагы Светлана Тихановская былтыр август айындагы президенттик шайлоого оппозициянын негизги талапкери катары катышкан. Беларус бийлиги бул талаштуу шайлоону өлкөнү 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын билдиргени менен Батыш өлкөлөрү мындай жыйынтыкты тааныган эмес.

Шайлоодон кийин Беларуста Лукашенкого каршы ири демонстрациялар өткөн. Тартип коргоо органдары акцияга чыккандарды кармап, аларды, куугунтукка, ур-токмокко алып келет.

"Весна" укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, учурда беларус түрмөлөрүндө 671 саясий туткун жатат. Лукашенконун бийлиги аларды саясий туткун деп таануудан баш тартууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG