Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

ЖК депутаты Бакытбек Жетигенов ИИМде суракта болду


Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.
Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов Ички иштер министрлигинде (ИИМ) суракта болду. Суракка кирип чыкканын ал 15-сентябрда “Азаттык” радиосуна билдирди.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Ага үндөш маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.

Ушу тапта ИИМде ЖК депутаттары Жанарбек Акаев жана Алтынбек Сулайманов сурак берип жатышат.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек. Комментарий сурап бир нече жолу кайрылганыбызда мекеме азырынча маалымат жок экенин, болор замат дароо жөнөтүлөрүн билдирди.

14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалган. Адвокаты ал фейк маалыматтын негизинде кармалганын билдирген. 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев кармалды. (RK)

XS
SM
MD
LG