Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Депутат Жанарбек Акаев милицияга суракка чакырылды


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына бүгүн, 15-сентябрь саат 17:30га суракка чакырылды. Бул тууралуу депутат “Азаттыкка” маалымдады.

Буга чейин Акаев өзүнүн аты аталып жаткан аудио жөнүндө кайрылуу жасап, анда айтылгандарды карандай калп деп атаган. Ал “Фейсбуктагы” баракчасындагы видео кайрылуусунда бийликти басып алууга эч ким менен сүйлөшпөгөнүн жана муну “курулай каралоо” деген.

Интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанарбек Акаевдин аты аталган.

“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыпталып, кармалган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочуларынын бири Икрамидин Айткулов бул иште Асановдон башка дагы кишилер бар экенин айтып, тинтүү жөнүндө токтомду көрсөттү.

Асановдун үйүн тинтүү жөнүндөгү документ 14-сентябрда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 309-беренеси (“Бийликти күч менен басып алуу”) менен катталган. ИИМдин Тергөө кызматына бийликти күч менен басып алуу жөнүндө материал түшкөнү, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин аты аталат.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары Интернеттеги аудиону саясий каралоо экенин жазып жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG