Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

БУУ: Ооганстанга чукул арада 36 миллион доллар керек

Кабул шаарындагы банкта кезек күткөндөр, 1-сентябрь 2021-жыл.
Кабул шаарындагы банкта кезек күткөндөр, 1-сентябрь 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) согуштан жана кургакчылыктан жапа чеккен Ооганстандын алыскы аймактарына колдоо көрсөтүү үчүн чукул арада 36 миллион доллар керек экенин билдирди. Бул каражат Ооганстандагы аялуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү, мал-жандыкка жем-чөп жана кышка буудай камдоо үчүн керектелет.

Уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча кеңсесинин директору Рейн Полсен 14-сентябрда Кабулдан видео байланыш аркылуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кургакчылык Ооганстандын 34 провинциясынын 25инде 7,3 миллиондой адамдын жашоо-тиричилигине таасирин тийгизгенин билдирди. Анын айтымында, 4 миллиондой ооган жаранын азык-түлүк тартыштыгы тооруп турат. Кургакчылыктан улам 3 миллиондой мал-жандык жут коркунучуна кабылууда.

"Алыскы аймактардагы миллиондогон оогандыктардын тамак-ашы жана кирешеси айыл чарбасына байланган. Айыл чарбасы өлкөнүн ички дүң жыйымынын 25 пайызынан көбүн түзөт", - деп билдирди Полсен.

13-сентябрда БУУ Женевада Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча конференция өткөргөн. Анда эл аралык донорлор оогандыктарда 1 млрд. 200 млн. доллардай каражат бөлүүнү убада кылышкан.

Адеп БУУ согуш, коронавирус пандемиясы жана кургакчылыктан улам гуманитардык кризиске кептелген Ооганстанга 600 млн. доллар чогултуу максатын койгон эле.

"Талибан" кыймылы 15-августта ооган бийлигин ээлеп алгандан бери өлкөдө баалар көтөрүлүп кеткени кабарланууда. Бир катар банктар жабык турат. Иштеп жаткан банктарда кардарларга аз өлчөмдөгү гана акча чыгарууга уруксат берилген.

​
XS
SM
MD
LG