Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:00

БУУнун Ооганстанга жардам чогултуу боюнча жыйыны башталууда


Ооганстан.
Ооганстан.

Бириккен Улуттар Уюму 13-сентябрда Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча конференция өткөргөнү жатат. Женевада өтчү иш-чарага уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш баштаган 40тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жатат. Конференция быйыл согуш, коронавирус пандемиясы жана кургакчылыктан улам гуманитардык кризиске кептелген Ооганстанга 600 миллион доллар чогултуу максатын көздөйт.

Буга чейин БУУ огандыктар азык-түлүк кризисине туш болуп, ачарчылык алдында турганын эскерткен. Уюмдун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс талибдер Кабулда бийликти басып алган соң токтотулган каржылык агым жандандырылбаса, өлкө жана анын экономикасын кыйрашы мүмкүн экенин айткан.

Чогултулган каражаттын үчтөн бирин БУУ колдонот. Анын алкагында аялдар, балдар үчүн билим берүү долбоорлоруна жана быйыл кургакчылыктан улам өлкө ичинде журт которууга аргасыз болгондорго жардам көрсөтүү пландалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG