Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

"Унаа" ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин өкмөт башчы Улукбек Марипов транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу аталган мекеменин иши текшериле баштаганын билдирген. Аны текшерүүнү президент Садыр Жапаров тапшырганы айтылган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, “Унаа” ишканасы быйыл 21-июлда жарыялаган тендердин жыйынтыгы менен транспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктүн бланктары дээрлик эки эсе кымбаттамак. Бланктарды ушундай шартта даярдоо тууралуу 518 миллион сомдук келишим «Гознак» ишканасы менен түзүлмөк. Президенттин кийлигишүүсүнөн кийин келишимге кол коюлбай калган, ал эми тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев "Унаа" ишканасына 2020-жылы 21-октябрда жетекчи болуп келген.

11-сентябрда Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Унаа” ишканасын Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар конфликти” бар экени айтылган.

Жапаров “Октябрдагы окуялардан кийинки башаламандык учурунда коррупционерлер сыртка акчасын чыгарып кетпесин деп кадрдык дайындоолорду өтө шашылыш ишке ашырганын”, өзү билген 20дай адамды дароо маанилүү кызматтарга дайындаганын, арасында эки кудасы да бар экенин, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин бардык мамлекеттик кызматкерлер ачык конкурстук негизде дайындаларын 2020-жылдын 15-декабрында айткан.

Расмий маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары сөз болуп жаткан мекеменин кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш ишин козгогон.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG