Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Быйыл 159 миңге чукул окуучу 1-класска барат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл 158-159 миңге чукул бала 1-класска барат. Бул тууралуу 13-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мектеп босогосун биринчи аттаган балдардын так саны 20-сентябрдан кийин анык болот.

Бишкек шаарында 16 миң 863 бала электрондук тизме аркылуу 1-класска катталган. Ош шаарында 2,5 миңге жакын. Нарын, Талас, Кара-Балта шаарларында миңден ашуун, Жалал-Абад шаарында 3 миңге жакын, Кара-Суу шаарында 865, Токмок шаарында эки миңге жакын бала мектеп босогосун аттайт.

2020-жылы республика боюнча 156 миң бала алгачкы жолу мектепке барган.

Республика боюнча мектептер 15-сентябрдан тартып кадимки тартипте иштей баштайт. Бала бакчаларды ачуу маселеси жайгашкан районундагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG