Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Бишкекте окуучулар бет капты милдеттүү түрдө тагынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкекте дарыгерлердин сунушуна ылайык, окуучулар милдеттүү түрдө маска тагынышы керектигин эскертти. Бул тууралуу министрдин орун басары Надира Жусупбекова 13-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаал өзгөрүп кетиши ыктымалдыгын эске алып өлкө боюнча мектептерде беткап тагуу сунушталат.

Буга чейин министрликтин өкүлү Гүлшан Абдылдаева мектептерде маска тагынуу милдеттүү эмес экенин айткан. Ал бет кап тагынуу эрежелерин окуучулар сактабай, аны көзөмөлдөө кыйын экенин белгилеген. Дарыгерлер масканы ар бир эки саатта алмаштырып туруу зарыл экенин эскертишет.

Ушул күндөрү мугалимдердин 70% ашууну коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.

Республика боюнча мектептер 15-сентябрдан тартып кадимки тартипте иштей баштайт. Бала бакчаларды ачуу маселеси жайгашкан районундагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. Жеке менчик бала бакчалар, мектептер иштеп баштаган.

Быйыл өлкө боюнча 158-159 миң бала 1-класска барат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG