Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Нарында “Аялдардын тилектештиги” курултайы өтүп жатат


“Аялдардын тилектештиги” курултайынын үчүнчү айлампасы 13-сентябрда Нарында башталды. Ага айыл-чарба, маданият тармагынан баштап саясатка чейин активдүү катышып жүргөн кыз-келиндер чакырылган.

Аймакта жигердүүлүк көрсөтүп келе жаткан айымдар өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдү, кыз-келиндердин коомдогу ордун жана ролун талдашууда.

Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, өлкө жетекчилигине гендердик теңчиликке жетишүү, аялдар лидерлигин өнүктүрүү үчүн татыктуу шарт түзүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоого чакырык жасалат.

Курултайдын биринчи айлампасы 25-августта Чүй облусунда, экинчиси 7-сентбярда Ошто болгон. Аны парламенттеги Аялдар укугу жана гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча кеңеш жана Депутат аялдар форуму менен бирге уюштурган.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар 6,5 миллион калктын 50,4% түзөт. Аялдардын 64% айыл жергесинде жашайт.

Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30% квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү. (SE)

XS
SM
MD
LG