Борбор Азия журналисттеринин арасындагы MediaCAMP Award 2021 сынакта кыргызстандык журналисттер эки багытта баш байгени алышты.
"Клооп" басылмасынын фемицид боюнча "Аны баарыбир өлтүрмөкмүн" изилдөөсү "Түшүнүү мезгили" номинациясында биринчи орунду ээледи. Авторлор - Анна Капушенко жана Савия Хасанова.
"Жаштардын мезгили" номинациясында "T Media" компаниясынан"Ажал алып келген ала качуулар. Кылмыш канткенде токтойт?" лонгриди жеңди. Автору Наргиза Анарбай кызы.
"Жылдын темасы. Пандемия мезгили" номинациясында "Башта" тобундагы журналисттер экинчи орунду алышты. Алар коронавирус пандемиясы күчөгөн 2020-жылы иштеген ыктыярчылар тууралуу даректүү тасма менен катышышты.
Ушул эле номинацияда 24.kg агенттигинин кыргыз бийлигинин коронавирус апаатындагы туура эмес эсептери жөнүндөгү иликтөөсү 3-орунга татыктуу деп табылды.
Борбор Азия мамлекеттеринде журналистика багытындагы иштеген адистердин Media CAMP-2021 фестивалы 10-12-сентябрда өттү. Ага чөлкөмдөгү медиа боюнча талкуулар, устаттык сааттар болуп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен аяктады. Иш-чара онлайн уюштурулду.
Сынактын финалына Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда иштеген журналисттердин 75 эмгеги тандап алынды. Жеңүүчүлөрдү аталган мамлекеттерден куралган калыстар тобу аныктады.
Media CAMP фестивалын Internews уюму үч жылдан бери өткөрөт. (SE)