Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк объектилеринде видеокөзөмөл жүргүзө алмай болду


МАГАТЭнин директору Рафаэл Гросси жана Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин директору Мухаммед Эслами.
МАГАТЭнин директору Рафаэл Гросси жана Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин директору Мухаммед Эслами.

Иран өзүнүн өзөктүк объектилериндеги көзөмөл камераларын тейлөө укугун эл аралык инспекторлорго да берүүгө макул болду. Алар аталган ишканалардын ичиндегини видеого тартууну уланта алышат. Бул тууралуу Тегеранда БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) директору Рафаэл Гроссинин Ирандын тийиштүү жетекчилери менен жолугушуусунун жыйынтыгында айтылды.

Сүйлөшүүлөр расмий Тегеран менен Батыштын ортосундагы тирешүүнү азайтууга багытталды, себеби Ирандын өзөктүк программасы боюнча диалог үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кептелген.

Гросси Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин жаңы директору Мухаммед Эслами менен жолукту.

Иранда ашкере динчил президент Ибрагим Раиси кызматка киришкенден бери МАГАТЭнин директору бул өлкөгө биринчи жолу барды.

Иран жана дүйнөдөгү ири алты держава менен өзөктүк сүйлөшүүлөр быйыл июндан бери токтоп турат. Келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектейт, ага жооп катары АКШ Тегерендан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак. Документтен Кошмо Штаттар 2018-жылы чыгып кеткен, аны кайра калыбына келтирүү аракетинен майнап чыкпай келет.

МАГАТЭ ушул айдын башындагы отчетунда Иран өзөктүк курал үчүн керектелүүчү жогорку сапаттагы уранды байытып жатканы белгиленген. Эл аралык уюм Тегеран быйыл февралда агенттиктин инспекторлорун уран байытуучу жайларына киргизүүдөн баш тарткандан кийин бул жараянды көзөмөлдөөдө маселе жаралганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG