Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:11

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 68 жаңы учур катталды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2574 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 68 адамдан табылды.

Бишкек - 31
Ош шаары - 3
Чүй облусу – 15
Нарын облусу - 4
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 4
Баткен облусу - 3

Талас менен Ош облустарында катталган эмес. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 177 226 кишиге жетти. Алардын 649у ооруканада жатат, дагы 1021 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 95 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 523 киши.

Коронавируска каршы эмделгендердин жалпы саны 1,2 млн. ашты. Алардын 735 миңден көбү вакцинанын биринчи дозасын алды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG