Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:39

Экология көйгөйүн баяндаган көргөзмө өтүп жатат


Көркөм өнөр музейи.
Көркөм өнөр музейи.

Бишкекте экология көйгөйү тууралуу баяндаган мультимедиа көргөзмөсү өтүп жатат. “Кешик” деп аталган көргөзмөнү каалоочулар Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинен же долбоордун Интернеттеги расмий сайтынан көрө алышат.

Анда климат канчалык өзгөрүп жатканын чагылдырган мөңгүлөрдүн эрүүсү, жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн жок болуп баратышы жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдүн образы жакындан тартууланат. Кийинки муундарга адамзат кандай мурас калтырары жөнүндө ой-толгоолорго чакырык жасалат.

11-сентябрда башталган көргөзмө 26-сентябрда жыйынтыкталат. Иш-чараны Cut A Dash кийим бренди жаңы идеялардын Go Viral аймактык фестивалы менен бирге уюштурду.

2019-жылы ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы таза эмес шаарлардын бири деп табылган. Экологдор соңку жылдары Кыргызстандын борборунда абанын булганышы тууралуу коңгуроо кагып келатышат. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

Кумтөр кенин иштетүүнүн натыйжасында ошол жердеги мөңгүлөр талкаланып, алтын казуудан чыккан топурак калдыктары мөңгү үстүнө төгүлгөнү орчундуу экологиялык маселе экенин адистер айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG