Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Талибдер ооган кыздарына "дресс-код" милдеттүү  болорун бышыктады


Ооганстандагы талибдер бийликке келген соң көчөгө чыккан аялдар
Ооганстандагы талибдер бийликке келген соң көчөгө чыккан аялдар

Ооганстанда кыздарга университеттерде өзүнчө бөлмөдө отуруп, милдеттүү түрдө хижаб кийиши керек. Бул тууралуу “Талибандын” мүчөлөрү түзгөн өкмөттүн мүчөсү Абдул Баки Хаккани 12-сентябрда Кабулдагы маалымат жыйынында билдирди. Өкмөттө билим берүү маселесине жооптуу Хаккани “Талибан” 20 жыл мурдагы мезгилге кайтып барууну каалабасын, бирок аялдарга “дресс-код” милдеттүү болорун белгиледи. Ал хижаб дегенде аялдар жүзүн да жапкан кийим кийиши керекпи деген суроону тактаган жок.

"Талибан" Ооганстанда гендердик сегрегацияга жол ачкан жана жеке менчик университеттер менен коллеждердеги аялдар кандай кийиниши керектигин аныктаган жаңы эрежелерди киргизгени ушул апта башында кабарланган. Ага ылайык, аялдар денесин толук жапкан кара кийим жана колдоруна мээлей кийип жүрүшү керек. Ошондой эле кыздар менен балдарга класста чогуу отурууга тыюу салынат.

"Талибан" өткөн айда ооган бийлигин колго алып, Кабулдагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөт кулагандан бери Ооганстанда "аялдар менен кыздар исламдын алкагындагы бардык укуктарга" ээ болоорун билдирген эле.

Учурда дүйнөлүк коомчулук талибдер түзгөн өкмөттүн чечимдерине көз салып турат. Радикал топтун мүчөлөрү 20 жыл мурдагыдан өзгөргөнүн убада кылууда. Талибдер 1996-2001-жылдары Ооганстанды башкарып турганда өтө катаал эрежелерди киргизип, аялдардын билим алуусу, эркин көчөгө чыгуусуна тыюу салган эле.

Буга чейин аялдардын укуктарын коргоону талап кылган кыз-келиндер Ооганстанда нааразылык акцияларын өткөрүп, талибдер аны күч менен таратты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG