Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

МАГАТЭнин башчысы Ирандын жаңы бийлиги менен сүйлөшүү өткөрөт


Рафаэл Гросси Тегерандагы сапар учурунда.
Рафаэл Гросси Тегерандагы сапар учурунда.

БУУнун Атомдук энергетика боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) директору Рафаэл Гросси 12-сентябрда Иранга барып, буга чейин туңгуюкка такалган «өзөктүк келишим» боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Гросси Тегеранда Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин жаңы директору Мухаммед Эслами менен жолугат.

Бул МАГАТЭнин директорунун Иранга ашкере динчил президенти Ибрагим Раиси кызматка киришкенден берки алгачкы сапары.

Иран жана дүйнөдөгү ири алты держава менен өзөктүк сүйлөшүүлөр быйыл июндан бери токтоп турат. Келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектейт, ага жооп катары АКШ Тегерендан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак. Документтен Кошмо Штаттар 2018-жылы чыгып кеткен, аны кайра жандандыруу боюнча майнап чыкпай келет.

МАГАТЭ ушул айдын башындагы отчетунда Иран өзөктүк курал үчүн керектелчү жогорку сапаттагы уранды байытып жатканы белгиленген. Эл аралык уюм Тегеран быйыл февралда агенттиктин инспекторлорун уран байытуучу жайларына киргизүүдөн баш тарткандан кийин бул жараянды көзөмөлдөөдө маселе жаралганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG