Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Марипов "Унаа" мекемесинин иши текшериле баштаганын билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Унаа" мамлекеттик ишканасынын транспорт каражаттарын каттоочу күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоого жарыяланган тендер тууралуу түшүндүрмө берди. Өкмөттүн расмий сайтына жарыяланган видео кайрылуусунда Марипов президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшериле баштаганы билдирди:

"Эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого тендер 21-июлда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган. Түшкөн маалыматка ылайык, бланктарды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы 518,5 миллион сом сунуштаган “Гознак” ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда, бланктардын наркы дээрлик 2 эсеге жогорулашына алып келмек. Буга байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров 26-августта мекеменин ишин текшерүүгө тапшырма берди".

Мариповдун бекемдешинче, тендер келишимге кол коюла электе жокко чыгарылган. Мындан тышкары "Унаа" мамлекеттик мекемесине транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн баасын кымбаттатпоо сунушу берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы эртең, 13-сентябрда коомчулукка жарыяланат.

2021-жылы 17-июлда "Унаа" мекемеси транспорт каражаттарын каттоочу эл аралык үлгүдөгү күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоо үчүн 527 720 000 сомго тендер жарыялаган. Тендерди 518 млн сом сунуштаган "Госзнак" ишканасы утуп алган.

11-сентябрда журналист Болот Темировдун Temirov LIVE каналы ишканадагы тендер тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө айтылгандай, Түмөнбаев өзү "Континент плюс" деп аталган компаниянын негиздөөчүлөрдүн бири, бул компания "Госзнак" ишканасы менен бирге "Континент" ишканасынын курамында турат. Бул ишканалардын баары бир даректен катталып, андагы жетектөөчү дагы эки адам Түмөнбаев сыяктуу эле "Госзнак" ишканасынын негиздөөчүлөрү катары жазылганын журналисттер иликтеп чыгышкан.

Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы.

1-сентябрда тендер жокко чыгарылып, жаңыдан жарыяланган. Temirov LIVE каналы буга "Госзнак" ишканасы менен "Учкун" басмаканасынын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгонун билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG