Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Марат Алышпаев: тагдырыма ыраазымын


Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев.

Режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” көркөм тасмасынын бет ачары сентябрдын башында өттү. Тасма эл аралык фестивалдарга катышууда. Анда башкы каарман - жазуучу Кубат Алиевдин ролун белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев ойногон.

“Азаттык” Марат Алышпаев менен ден соолугу, чыгармачылыгы, кино тармагы тууралуу маектешти.

-Арыбаңыз! Сыркоолоп жатат дешти эле, жакшы болуп калдыңызбы?

-Омурткамда шишик пайда богон эле, бир жарым ай мурун операция болуп, ошону алдырдым. Ушул аралыкта үйдө болууга туура келди. Азыр Кудайга шүгүр, жакшы. Кыбырап басып калдым. Дарыгерлер реабилитация керек деп жатышат. Улам догдурга көрүнүп жатам.

-Батыраак сакайып кетиңиз, бекем ден соолук каалайбыз.

-Рахмат!

-Чыгармачыл чөйрөнүн коомду тарбиялоодогу миссиясын айтсаңыз?

-Эгемендик алгандан бери билинбей 30 жыл өттү. Бул убакыт аралыгында келечектеги жаштарды тарбиялоо, аларга багыт көрсөтүү таптакыр өзгөрүп кетти. Коомду тарбиялоо мектептен башталат да. Илгери Маданият министрлиги менен Билим берүү министрлиги бирге иш алып барышчу. Бөбөктөргө бала бакчадан куурчак спектаклдерин көрсөтчү. Башталгыч класстарга театрдан жомоктор тартууланчу. Андан жогорку класстарга дайыма “Манастын уулу Семетей”, “Айкөл Манас”, “Сейтек” өңдүү спектаклдер, деги койчу, тарыхый, балдарга тарбия бере турган спектаклдер көп көрсөтүлүп турар эле. Ошонун баары азыр жок. Коом майдаланып кетти. Азыр жеңил спектакль, жеңил кино тартып, ошодон акча тапмай өнөр болуп калгандай. Аларга мамлекеттин көзөмөлү да болбой калды.

-Режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан, соңку кезде эл аралык фестивалдарга байма-бай катышып жаткан “Акыркы көч” көркөм тасмасында жан дүйнөсү жараланган башкы каарман - жазуучунун ролун ойнодуңуз. Учурда мамлекеттин маданий ишмерлерге болгон мамилеси сизди канааттандырабы?

-“Акыркы көч” тасмасындагы башкы каарман Кубат Алиевдин образы акыркы жылдардагы, эгемендик доордогу жазуучулардын гана эмес, жалпы эле маданият кызматкерлеринин акыбалы. Биздин төбөлдөрүбүз ушул 30 жылда чыгармачыл чөйрөнү кандай деңгээлге жеткирип койгонун көрүп атабыз да. Театрдан алган айлыгыбыз чеке жылытпайт. Мына, мен Кыргыз Республикасынын Эл артистимин, ал жакта эң жогору деп эсептелген маянам - 15 миң сом. Жаңы келгендер 7 миң сом айлык акы алат. Ушул заманда бул айлык менен кантип оокат кылышат алар? Актёрлордун көбү батирде турушат. Анын ай сайын төлөнчү акчасы болот, балдарын бала бакчага беришет, мектепке алып барышы керек.

Дагы айтарым, ушул 30 жылдын ичинде канчалаган коррупционерлер кармалып жатат. Алар чөнтөгүнөн 20, 50, 100 миллион сомдорду 2 миң сом алып чыккандай эле берип, кутулуп жатышат. Ушул деңгээлге бизди ушул кезге чейин башкарып келген президенттер - Акаев, Бакиев, Атамбаевдер жеткирди.

Марат Алышпаев, Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.
Марат Алышпаев, Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.

-Демек, тасмадан өзүңүздүн таба алдыңыз десек болобу?

-“Акыркы көч” өнөр адамдарынын кейиштүү жашоосун чагылдырат. Азыр адамдын руханий дүйнөсү кемип, акчага гана умтулуп калды. Келечектеги муундун жашоосу кандай болот, кандай тарбия алышат, бул жаатка таптакыр көңүл бурулбай калгандай сезилет мага. Айтып отурсак көйгөй көп. “Акыркы көчкө” болгону 7 миллион сом бөлүнгөн. Башкы каарманды ойногонум үчүн август, сентябрь, октябрь айлары үчүн жалпысынан 32 миң сом гонорар алдым. Бул менин театрдагы эки айлыгым. Ал эми массовкага катышкан жүздөгөн адамдар ат, төөлөрү менен катышып, эртеден кечке тартылса, аларга күнүнө 500 сом гана берилди. Себеби каражат тартыш да. Алар ошол эртеден кечке короткон мээнетине кейип, чатак да чыгарышты. А мен ошол кинону тарткан Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулуна ыраазымын. Алдыга койгон максатка жетели дешип, каражатка карабастан мыкты фильм жаратып жатышат.

-Тасмага кандай көңүл бөлүнүшү керек?

-Булардан башка да биздин мыкты режиссёрлор Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров болбогон каражатка жакшы тасмаларды тартып жүрүшөт. А жаныбыздагы коңшу казактар бир фильмге 4,5 миллион доллар бөлөт экен, мен буга өзүм күбөмүн. 2008-жылы казактар Биржан-сал деген биздин Токтогул сыяктуу белгилүү акынына арналган тасмага эле 11 миллион доллар бөлүшүптүр.

-Азыр өзүңүздү дагы кандай ролдон издеп жүрөсүз? Дагы кимдин орбазын жараткыңыз келет?

-Мен чыгармачылык чыйырымдын баштагалганына 50 жылдын жүзү болуп калды. Өзүмдүн чыгармачылык тагдырыма абдан ыраазымын. Себеби биздин алган билимибиз өтө күчтүү болду. Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институтту бүтүп, мыкты профессорлордон, СССРдин эл артисттеринен, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаттарынан билим алдык. Бул жагынан кем-карчыбыз деле болгон жок. Кыскасы, менин арманым жок. Классикалык чыгармалардан сахнада Шекспирдин Гамлетин ойнодум, Король Лирин ойнодум, Ричард III ойнодум, Гоголдун "Текшерүүчү" драмасында Хлестаковду ойнодум.

Марат Алышпаев "Акыркы көч" тасмасында Кубат Алиевдин ролунда.
Марат Алышпаев "Акыркы көч" тасмасында Кубат Алиевдин ролунда.
  • Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган.
  • 1972-жылы Орусиянын Москва шаарындагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүткөн.
  • 1972-жылы Ош шаарындагы Кыргыз драма театрында эмгек жолун баштаган.
  • 1991-1997-жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын, 2010-2014-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрын жетектеген.
  • Учурда Бишкекте, Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актёр катары эмгектенет.

- Сизге устаттык кылып, жол көрсөткөн ким болду?

-Менин чыгармачылыгымда мага абдан дем берген, мени колдогон устатым - белгилүү режиссёр Искендер Рыскулов. Актёрлук жактан өсүп-жетилүүмө ошол кишинин салымы өтө чоң. Кино тармагындагы ролдорумда да арманым жок. Себеби, бул жагынан да мыкты адамга туш келип калдым. Ал – Геннадий Базаров. Анын дээрлик бардык кинолорунда роль жараттым. Кыргыз тасмаларында аракечтен баштап, айыл өкмөттүн, президенттин ролуна чейин ойнодум. Анан соңку кезде карыганда жакшы бир роль болсо, жакшы образ жаратып калсам деп өзүм да ойлоп жүрчү элем. Кудайга шүгүр, ал тилегим да орундалып, “Акыркы көчтө” башкы каарман жазуучу Кубат Алиевдин ролун ойнодум. Жараткан ден соолук эле берип турса, дагы алдыда көрө жатарбыз.

-Сиздин көз карашыңызда жаңы муундагы актёрлордун кандай артыкчылыктары, кемчиликтери бар?

-Жаңы муундагы артисттерди начар деп айтууга болбойт. Себеби, өзүм иштеген Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында мыкты жаш артисттер бар. Мисалы, Азиз Мурадилаев, Альбина Имашова, Аскат Сулайманов кинодо, драмада да мыктылыгын көрсөтүп жатышат. Алар драматургиялык жактан, дегеле ар тараптан такшалууда. Мындан башка да мыкты актёрлор бар. Жакында эле Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган спектакль койдук, ошондо мени менен экинчи Раззаков болуп ойногон актёр Жеңишбек Смановду да таланттуу актёрлордун катарына кошом. Ар тараптан изденүүнүн үстүндө жүргөн, актёрлук да, режиссёрлук да ишке баш салып жүргөн Эркин Эгембердиев бар. Айтор, жаштардын келечеги кең. Эң башкысы азыр цензура жок. Берилип алып иштесең, көп ийгиликке жетсең болот.

-Кино жана театрга 50 жылдык өмүр арнаптырсыз. Артты кылчая карап, басып өткөн жолуңузга кандай баа бересиз?

-Мен өзүмдүн тагдырыма ыраазымын. Муну кайра-кайра айтсам болот. Бир маанилүү нерсени да кошуп айта кетейин. 1965-жылы мектепти бүтүп, азыркы Улуттук университеттин экономика факультетине тапшыргам. 2-курсту бүтүп жаткан кезимде Москвадагы театралдык окуу жайга кетүүнү самап калдым. Бирок ата-энем жибербей коёт го деген кооптонуу бар болчу. Анткени, инилерим кичинекей эле, аларга жардам беришим керек. Анан бир күнү айылга келип, ата-энеме Москвага кетүү тилегим бар экенин акырын айттым. Ошондо алар “Балам, барагой, сен ушуну каалачу эмес белең” деп, ак батасын берип узатышкан.

Эгерде алар ошондо “кой, балам, барбайсың” деп койсо деле калып калмакмын да. Мен ушул маалга чейин мени туура түшүнүп, чыгармачылык жолго салган ата-энеме ыраазымын. Мени ошондо жибербей коюшканда бир катардагы экономист болуп жүрсөм керек деп ойлоп коём. Бирок көңүлүмдө туйлап жаткан өнөрдүн өтөсүнө чыкпай, көптөгөн каармандардын образын жаратпай калмакмын.

Азыр ушунча жылдык эмгегимдин себеби менен, өнөрдүн арты менен Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, Эл артисти наамдарына татыдым. Кинодо, театрда нечендеген образдарды жараттым.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG