Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

"Мультфильм - балдардын эне тилге мамилесин өзгөртөт"


Айбек Дайырбек уулу.

Францияда Канн кинофестивалы башталды. Анда кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу “Кыргыз синема” аттуу кыргыз тасмалары үчүн көргөзмө ачылды. Көргөзмө атамекендик кинематографиянын 80 жылдыгына арналган.

Кыргызстан кинематографисттер уюмунун төрагасы, режиссёр Айбек Дайырбек уулу фестиваль жана кино тармагынын оош-кыйыштары тууралуу “Азаттыкка” кыскача маек курду.

Кыргыз тасмаларынын көргөзмөсү.
Кыргыз тасмаларынын көргөзмөсү.

-Былтыр акча таап, ушул Канн фестивалына, андан соң Венеция, Берлин фестивалдарына бармакпыз. Пандемиядан улам бардык пландар токтоп калды. Көргөзмөнүн биз үчүн мааниси өтө зор. Кино тартканды билгенибиз менен аны жарнамалашты, сатканды билбейт экенбиз. Кыргызстандык режиссёрлор чет жактагы фестивалдарга кинобузду жөнөтүп коюп, анан бул жакта өзүбүздү гений сезип отура беребиз. Бүгүнкү күндө биздин кесиптештер мыкты кинолорду тартууда. Ошолор Канн, Берлин, Венеция өңдүү чоң фестивалдарга чыгып, эмгектерине баа берилип, сыйлык алыш үчүн системалуу түрдө чоң жумуштар жасалышы керек. Жалпак тил менен айтканда, биздин максат - кыргыздын мыкты кинолору бар экенин эл аралык коомчулукка таанытуу.

Көргөзмөгө "Шамбала" (режиссёру Артыкпай Сүйүндүков), "Акыркы көч" (режиссёрлору Дастан Жапар уулу жана Бакыт Мукул), “Көл" (режиссеру Эмил Атагелдиев) тасмалары коюлду.
Көргөзмөгө "Шамбала" (режиссёру Артыкпай Сүйүндүков), "Акыркы көч" (режиссёрлору Дастан Жапар уулу жана Бакыт Мукул), “Көл" (режиссеру Эмил Атагелдиев) тасмалары коюлду.

- Киноиндустрия​сы өнүккөн өлкөлөр менен биздеги негизги айырмачылык эмнеде?

-Мисалы, Америкадагы ошол эле Голливудда бир режиссёрго кино тарттырып, ошол кино сыйлык албай калса, дурус каражат алып келбесе, ал режиссёрго эч качан экинчи мүмкүнчүлүк беришпейт. Себеби, ал жерде чоң акча айланат. Андай режиссёрлор клип гана тартып калышат же болбосо телеберүү тармагында иштеп кетишет. Бизде болсо түшүнүк башкача. Кээ бир учурда кинотеатрда коюлган кинобузга киши барбай койсо, “силер түшүнбөйсүңөр” деп бой көтөрүп коёбуз. Фестивалдарга барып сыйлык албай калса, “бул жакта кино сынчылар гана чечип коёт, алар эмнени түшүнмөк эле” деп чыгабыз. Ушундай жаңылыш ойлонгон адамдар бар. Айырмачылык ушунда. Негизи, кинону баалай турган эки гана критерий бар: биринчиси, кинофестивалдар менен киносынчылар. Экинчиси, тасмадан түшкөн каражат.

- Жеке сиз кыргыз киносуна кандай өзгөчөлүк алып келгиңиз келет?

-Мен артхаус жана коммерциялык багыттагы тасмалар болот эмеспи. Ошолорго көп канааттана бербейм. Себеби, азыр дүйнө жүзүндө жаңы көз караштагы жанр - синема арт деген бар. Бул жанрдагы кинолор "искусство" деп бааланат. Кыргыз кино тарыхына көз чаптыра турган болсок, Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” тасмасы артхаус эмес. Ал искусство катары тартылган тасма. Кыргыз киносунун мүнөзү ошого жакындай туюлат. Биз аз сандагы элбиз. Андыктан тарткан ар бир тасмабыз көрүүчүгө да жагышы керек, ошол эле маалда искусство катары баа жетпеген чыгармага айланышы зарыл. Мен ушул тарапка көбүрөөк басым жасоону каалайм.

- Кыргыз киносунун өнүгүү темпи кандай?

- Негизи дүйнөлүк тажрыйбаны карай турган болсок, сандан сапатка сөзсүз өтүшөт. Кыргызстанда 20-30 кино тартылганы үчүн арасынан 4-5 кино мыкты болуп, акыркы жылдары "А" классындагы абройлуу фестивалдарга катышып жатабыз. Азырынча Каннга жетпесек да, анын алдындагы сыйлыктарга жетишип отурабыз. Акыркы 3-4 жылда аталган класстагы тасмага катышпаган кыргыз тасмалары боло элек. Мисалы, мындан он жыл мурун "А" класстагы фестивалдарга катышып, сыйлык алуу түшкө кирбеген иш эле. Бир канча кыйынчылыктар артта калды деп ойлойм. Кыргыз тасмаларынын сапаты начар болсо, аларды абройлуу фестивалдар алмак дагы эмес.

- Жакынкы арада жасала турган кандай пландар бар?

-Бизде азыр эң өкүнүчтүүсү, маданиятка кандай кайдыгерлик жасалып келсе, эми эне тилге да ошол мамиле жасала баштады. Коңшу өлкөлөрдү мисалга алсам, мындан он жылдай илгери казак элинде эне тилинде таза сүйлөгөндөр азайып кеткен. Кадимкидей чалып сүйлөп, уңгу-мүчөнү чаташтырып калгандар көбөйгөн. Эми ошол тилди жериген учур бизге ооп келгендей туюлат. Мамлекет тарабынан кинолорго, мультфильмдерге чоң көлөмдөгү буюртмалар болушу керек эле. Азыр Казакстанда Маданият министрлиги тарабынан жылына миң сериядан кем эмес мультфильм тартууга буюртма берилет.

Бизде акча тартыш экендиги түшүнүктүү. Каражат өкмөттөн табылбаганы менен ишкерлерде бар да. Биз каражатты шылтоо кылып отурган чакта бөбөктөрүбүздүн 70% жакынынын тилдери чет тилдеринде чыга баштады. Анткени алар интернет айдыңынан чет тилдеги гана мультфильмдерди көрүшөт. Билинбегени менен мультфильмдер баланын мүнөзүн калыптандырып коёрун аңдабайбыз. Мен алдыда ушул маселелерди чечүүгө далалат кылып, кыргызча мультфильмдерди даярдоонун үстүндө иштеп жатам. Пландап жаткан ишибиз соңуна чыгып калса, бир нече сериядан турган эне тилиндеги эки мультфильм ушул жылдын декабрь айына чейин жумасына бир жолу телеканалдардан, интернеттен көрсөтүлүп турат.

1997-жылы Канн кинофестивалында социалдык жарнамалар категориясында режиссёр Актан Арым Кубаттын “Ырыс алды - ынтымак” аттуу ролиги “Коло арстан” (“Бронзовый лев”) сыйлыгына ээ болгон. Андан бери кыргыз киночулары бул фестивалдын сынактык программасында катыша элек.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG