Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Канн фестивалында алгачкы жолу кыргыз тасмаларынын көргөзмөсү ачылды


Кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналып ачылган көргөзмө.
Кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналып ачылган көргөзмө.

Францияда Канн кинофестивалы башталды. Анда кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу “Кыргыз синема” аттуу кыргыз тасмалары үчүн көргөзмө ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” көргөзмөгө катышкан кыргыз делегациясынын мүчөсү, кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди. Аталган көргөзмө атамекендик кинематографиянын 80 жылдыгына арналган.

Кыргыз тасмаларынын көргөзмөсү.
Кыргыз тасмаларынын көргөзмөсү.
Кыргыз тасмаларынын көргөзмөсү.
Кыргыз тасмаларынын көргөзмөсү.

Көргөзмөдө "Кыргыз синеманын" кураторлору Гүлмира Керимова жана Гүлкайыр Тиленбаева көрүүчүлөргө кыргыз киносунун тарыхы жана бүгүнкүсү тууралуу айтып берет. 2020-жылдагы мыкты деп аталган "Шамбала" (режиссёру Артыкпай Сүйүндүков), "Акыркы көч" (режиссёрлору Дастан Жапар уулу жана Бакыт Мукул), “Көл" (режиссеру Эмил Атагелдиев) тасмалары коюлат. Ошондой эле, көргөзмөдө режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде”, Дальмира Тилепбергендин “Кыш кыздары”, Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” тасмалары көрсөтүлөт.

Канн кинофестивалынын социалдык жарнамалар категориясында 1997-жылы режиссер Актан Арым Кубаттын “Ырыс алды - ынтымак” аттуу ролиги “Коло арстан” сыйлыгына ээ болгон. Андан бери кыргыз киночулары бул фестивалдын конкурстук программасында катыша элек. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG