Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Кыргызстанда жасалган жүк ташуучу унаалар

Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда. 9-июнда компания кураштырып бүткөн алгачкы жүк ташуучу чакан унааларын кардарларга сунуштады.

Dongfeng - "Кыргыз унаа курулуш" заводунун алгачкы жүк ташуучу унаасы болуп калды. Бул унаа баарыбызга белгилүү болгон, Кыргызстанда көп колдонулган "Porter" үлгүсүндөгү унаага окшош. Ал жүк ташууга абдан ыңгайлуу жана күйүүчү майды көп талап кылбайт.

"Алгач элибиз көп колдонгон жүк ташуучу унааны алып келип курайлы деп чечтик. Бул унаалардын баасы азырынча чечиле элек, бухгалтердик бөлүм азыр эсептеп жатат. Эгер бул унаалардын базарга өтүмү жакшы болсо, башка түрлөрүн дагы жасайбыз", - деди завод жетекчиси Нурбек Осмонов.

"Кыргыз унаа курулуш" заводу 2018-жылы ишке кирип андан бери электр эсептегич, трансформатор жана тез жардам унаасын чыгарган.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG