Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

АКШда 11-сентябрдагы теракттардын курмандыктары эскерилди


АКШнын президенти Жо Байден жубайы менен 9/11 апаатын эскерүү иш-чарасында. Нью-Йорк. 11-сентябрь, 2021-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден жубайы менен 9/11 апаатын эскерүү иш-чарасында. Нью-Йорк. 11-сентябрь, 2021-жыл.

Ишембиде америкалыктар 11-сентябрь апаатынын 20 жылдыгын эскеришти. Эскерүүгө АКШнын мурдагы жана азыркы үч президенти катышты.

Нью-Йорктогу кош мунаранын ордуна курулган 9/11 мемориалына теракттан каза тапкандардын жакындары чогулду. Арасында айрымдары жоготкон жакындарынын сүрөттөрүн кармап турушту.

Эскерүү иш-чарасына президент Жо Байден жубайы менен катышты. Андан тышкары мурдагы президенттер Билл Клинтон жана Барак Обама, Нью-Йорктун 2001-жылкы мэри Руди Жулиани да катышты. Саясатчылар сөз сүйлөшкөн жок.

11-сентябрдагы теракттын курмандыгы, өрт өчүрүүчү, лейтенант Дэниел О'Каллагандын сүрөтүн анын агасы кармап турду. Нью-Йорк. 11-сентябрь, 2021-жыл.
11-сентябрдагы теракттын курмандыгы, өрт өчүрүүчү, лейтенант Дэниел О'Каллагандын сүрөтүн анын агасы кармап турду. Нью-Йорк. 11-сентябрь, 2021-жыл.

Президент Байден мындан тышкары Пенсильвания штатындагы Шанксвилл талаасына, андан кийин Пентагондун имаратына - 20 жыл мурун теракт болгон жерлерге да барып, каргашалуу окуянын курмандыктарын эскерди.

Иш-чара учурунда жанкечтилер барымтага алган учактардан кош мунарага катары менен келип урунганы, мунаралардын кулаганы, бир учактын Пентагондун имаратына, дагы бирөө Шанксвилл талаасына кулаганы - булардын ар бирин эскерүү иретинде жалпы алты жолу жымжырттык жарыяланды.

Кош мунаранын элесин чагылдырган жарык. Нью-Йорк. 11-сентябрь, 2021-жыл.
Кош мунаранын элесин чагылдырган жарык. Нью-Йорк. 11-сентябрь, 2021-жыл.

Ошондой эле Нью-Йоркто окуя болору менен жетип барып, өмүрүн тобокелге салган 343 өрт өчүрүүчүнүн эрдиги да эскерилди. Кечке жуук Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун ордунан асманга карай кош мунаранын элеси сыяктуу жарык берилди.

2001-жылы 11-сентябрда жанкечтилер барымтага алган жүргүнчү учактары Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун кош мунарасына, Пентагондун имаратына урунган. Төртүнчү учактагы жүргүнчүлөр террорчуларга каршылык кылып, натыйжада учак Шанксвилл талаасына кулаган. Мунун баары бир убакта - 1 саат 42 мүнөттүн ичинде болгон. Апааттан үч миңдей адам набыт кеткен.

9/11 апаатынын 20 жылдыгы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө эскерилди. Бир катар маалымат каражаттары кандуу калаба тууралуу даректүү тасмаларды көрсөтүштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG