Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Рим папасы Венгрияга барып, премьер Орбан менен жолукту


Рим папасы жана венгер премьери Виктор Орбан
Рим папасы жана венгер премьери Виктор Орбан

Католик чиркөөсүнүн башчысынын Орбан менен жолугушуусу маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду. Өзүн “европалык христиан цивилизациясынын” коргоочусу катары көрсөткөн Орбан менен Рим папасынын бир катар саясий маселелер боюнча көз карашы эки ача чыккан учурлар арбын.

Орбан Европага качкындарды киргизүүгө каршы чыгып, миграцияны европалык иденттүүлүккө коркунуч деп көрсө, Франциск Европа өлкөлөрүн качкындарды кабыл алууга үндөп келет. Ал ошондой эле улутчул тенденцияларды сынга алып, Батыштын бирдиктүү аймак болушун жактайт.

Венгрия бийлигине жакын маалымат каражаттарынын бири католик чиркөөсүнүн башчысын солчул көз карашты жана Орбандын каршылаштарынын бири, миллиардер Жорж Соросту колдойт деп сындап жазды.

Рим папасы менен Орбандын жолугушуусу 40 мүнөткө созулду жана формалдуу мүнөздө гана өткөнү кабарланды. Венгер премьер-министри жолугушуудан сүрөт жарыялап, Францисктен “христиан Венгриянын жок болушуна жол бербөөнү” суранганын жазды.

Бир катар маалымат каражаттары бир нече саатка созулган Рим папасынын Венгриядагы сапарынын мөөнөтүнө көңүл бурушту. Ал Будапешттен соң коңшу Словакияга өтүп, ал жакта эки күн болот.

Ватикан сапардын кыскалыгында эч кандай саясий боёк жок экенин, понтифик Будапештке диний жөрөлгөгө катышуу үчүн гана келгенин, Словакияга атайын сапар менен аттанганын билдирүүдө.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын улам Рим папасы четке сапарга чыккан эмес. Анын Венгрияга сапары чектөөлөр алынгандан берки алгачкы визиттеринин бири болууда. Эки ай мурун 84 жаштагы понтифик операция болгон. Учурда саламаттыгы жакшы экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG