Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Бишкектин күч түзүмдөрү биргелешип иштөө планын бекитишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Күч түзүмдөрүнүн Бишкек шаары боюнча башкармалыктары биргелешип иштөө планын бекитишти. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-сентябрда укук тартибин коргоо мекемелеринин жана фискалдык органдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Ага шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Патрулдук милиция кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жаза аткаруу кызматынын жана башка мекемелердин жооптуу өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда экстремизмди жана кылмыштуулукту алдын алуу, коомдук коопсуздукту сактоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, жаш балдардын укугун коргоо, жол кырсыктарын алдын алуу маселелери талкууланды.

Натыйжада биргелешкен планды бекитүү тууралуу мекеме аралык буйрук кабыл алынды.

Кыргызстанда быйыл кылмыштуулуктун деңгээли былтыркыга салыштырганда бир катар көрсөткүчтөр боюнча кыйла жогорулаганы байкалып жатканын Улуттук статистика комитети июль айында билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG