Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Өзбекстанга кире качкан оогандык учкучтар АКШнын Катардагы базасына жөнөтүлөт


Ооганстандык учкуч. Иллюстрациялык сүрөт
Ооганстандык учкуч. Иллюстрациялык сүрөт

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Өзбекстандын аймагына кире качкан ооган учкучтарын Кошмо Штаттардын Катардагы базасына өткөрүү боюнча өзбек бийлиги менен макулдашты. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты. Анда Кабулдагы бийликти басып алган “Талибан” кыймылы Өзбекстанга ооган учкучтарын жана учактарын өткөрүп берүү талабы менен басым көрсөтүп жатканы айтылган.

АКШ бийлиги учкучтар Ооганстанга өткөрүлсө өлтүрүлүшү мүмкүн деп чочулап жатат. Басылманын жазышынча, абадан сокку урганы үчүн талибдер учкучтарга кастарын тигип, ырайымсыз жазага тартышы мүмкүн.

Расмий Ташкент талибдер менен мамилени бузгусу келбей, АКШдан бул маселени эртерээк чечүүнү суранган.

Wall Street Journal басылмасы учкучтар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнөн турган 585 киши АКШнын Дохадагы аскер базасына жеткирилерин, кийин башка өлкөлөргө көчүрүлөрүн маалымдады. Учкучтардын канчасы АКШга киргизилери белгисиз.

15-августта “Талибан” Ооганстандын борбору Кабулду ээлеп алгандан кийин оогандык бир катар учкучтар үй-бүлөлөрү менен Өзбекстандын аймагына кире качкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG