Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Түркия "Маариф" мектептерин Кыргызстандын облустарында да ачууну көздөөдө


Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик туулары.

Түркия “Маариф” мектептерин Кыргызстандын аймактарында да ачууну көздөп жатканы аталган уюмдун жетекчилигинин Бишкектеги сапары учурунда айтылды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 11-сентябрда министр Руслан Казакбаев «Маариф» фондунун президенти Бирол Акгүндү кабыл алып, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулады.

Быйыл түрк өкмөтү каржылаган «Маариф» фондунун алгачкы мектеби Бишкекте ачылды. Фонд келечекте мындай билим берүү комплекстерин Кыргызстандын облустарында да ачууну пландап жатканы, болжол менен келерки окуу жылына карата Ошто иштей баштары, ага Жалал-Абаддын жана Баткендин да балдары кабыл алынары белгилүү болду.

«Маариф» менен кызматташтык тууралуу меморандум 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапары учурунда кабыл алынган.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды азыр Түркияда соттолууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG