Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Ош: Аялдарды тизмеден чыгарууну колдогон шайлоо комиссиясынын ордуна жаңылар келди


БШК.
БШК.

Ошто аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкер аялдар тизмеден жапырт чыгарылган чечимдерди бекиткен курамынын ордуна жаңылар бекитилди. Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени 12-сентябрда карап, жаңы курамды резервде катталгандардын эсебинен түздү.

12 мүчөдөн турган комиссияга «Биримдик элдик Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Тилектештик» саясий партияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өкүлдөр кирди.

Быйыл 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү депутаттардын шайлоосу өткөн.

Ошто «Биздин Кыргызстан» партиясы шаардык кеңешке 38 аял талапкерин, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 39 талапкерин тизмеден чыгарып жатканы, алардын 31и аял экени 26-августта белгилүү болгон.

Аталган эки партиядан депутат болуп шайланган алты адам мандаттан баш тартканы, алардын бешөө аял экени, баары ордун тизмедеги кийинки талапкерге өткөрүп берип жатканы да маалымдалган.

9-сентябрда Борборбук шайлоо комиссиясы (БШК) Ошто аял депутаттардын тизмеден жапырт чыгышы тууралуу чечимдерди колдогон аймактык шайлоо комиссиясын таркатып, анын аялдар боюнча чечимдерин жокко чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG