Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

“Унаа” ишканасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн жарыяланат


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

“Унаа” мамлекеттик ишканасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн 13-сентябрда жарыяланат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, текшерүү транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу жүргүзүлдү:

“Тендер 30-августта жыйынтыкталмак. Бирок жыйынтыкталар алдында бир жума калганда президентибиз Садыр Нуркожоевич бизге атайын тапшырма берип, ушул маселени тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырган. “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги боюнча 13-сентябрда Кудай буюрса жыйынтыгын угасыздар”.

“Унааны” президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жетектейт.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” ишканасы быйыл 21-июлда жарыялаган тендердин жыйынтыгы менен транспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктүн бланктары дээрлик эки эсе кымбаттамак. Бланктарды ушундай шартта даярдоо тууралуу 518 миллион сомдук келишим «Гознак» ишканасы менен түзүлмөк. Президенттин кийлигишүүсүнөн кийин келишимге кол коюлбай калган, ал эми тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган.

11-сентябрда Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Унаа” ишканасын президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар конфликти” бар экени айтылган.

Жапаров “Октябрдагы окуялардан кийинки башаламандык учурунда коррупционерлер сыртка акчасын чыгарып кетпесин деп кадрдык дайындоолорду өтө шашылыш ишке ашырганын”, өзү билген 20дай адамды дароо маанилүү кызматтарга дайындаганын, арасында эки кудасы да бар экенин, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин бардык мамлекеттик кызматкерлер ачык конкурстук негизде дайындаларын 2020-жылдын 15-декабрында айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG