Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Баткен: Жаш активисттер бийликтин убадаларын тескеген сайт ачышты


Баткен.
Баткен.

Баткенде жаш активисттер бийликтин убадаларын тескеген сайт ачышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Убада Баткен” долбоорунун жетекчиси Элдияр Жээналиев билдирди.

“Убаданы берген эмес, аткарган улук!” деген ураан менен ачылган сайт бүгүн 13-сентябрда иштей баштады. Анда быйыл жазында адам өлүмүнө алып келген чек ара окуясынан кийин берилген убадалардын тизмеси келтирилди.

Долбоордун сайтындагы маалыматта “Чар тарабын Тажикстан менен Өзбекстан курчаган кичинекей облустун жарым миллионго жетпеген эли чабуулдан да, кыргыз бийлигинин кайта-кайта берилген убадаларынан да чарчады. Мындай кезде эл башчыларынын оозунан айтылган убаданын аткарылышына коомдук көзөмөл кажет. Дал ошол максат менен биз, баткендик жаштар, Ubada Batken демилгесин баштадык. Быйыл айтылган ушул жана ага чейинки башка убадалар кандай аткарылып же аткарылбай жатканын ушул сайтта сиздерге кабарлап турабыз” деп жазылды.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG