Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы башталат


Фестивалдын статуэткасы.
Фестивалдын статуэткасы.

Бишкекте 14-17-сентябрь күндөрү "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалы өтөт. Маданий иш-чара кыргызстандык кинорежиссер Алижан Насировдун "Суу" ("Вода") тасмасы менен ачылат. Бул тасма аталган кинофестиваль алгачкы уюштурулган 2011-жылы Гран-прини уткан. Жалпысынан кыска метраждуу 26 фильм көрсөтүлөт. Алардын 12си кыргызстандык кинорежиссерлордун эмгектери. Калганын КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн киночулары тарткан.

Уюштуруучулардын белгилешинче, быйыл кинофестивалга катышуу үчүн Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн 500дөн ашык арыз келген.

Кинофестивалдын ачылышы 14-сентябрь саат 12:00дө "Манас" кинотеатрында өтөт. Жеңүүчүлөр 17-сентябрда белгилүү болот. Сыйлыктар "Мыкты тасма", "Калыстардын атайын сыйлыгы", Мыкты режиссёрдук иш", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы" жана "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү" номинациялары боюнча берилет.

Калыстар тобунун курамына Орусия, Казакстан, Кыргызстандын кино адистери кирген.

"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" деп аталган фестиваль 2011-жылы белгилүү кинорежиссер, продюсер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Ага КМШ, Балтика өлкөлөрү жана Грузия катышып келет. Фестивалга даректүү жана аннимациялык тасмалар катыша алат. (КЕ)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG