Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Орусияда учак кырсыгынан төрт адам мерт болду


Кемеров облусунда кулаган L-410 үлгүсүндөгү учак. Архивдик сүрөт
Кемеров облусунда кулаган L-410 үлгүсүндөгү учак. Архивдик сүрөт

Орусияда эки моторлуу жүргүнчү учагы чукул конуп, кеминде төрт адам мерт болду. Алдын-ала маалымат боюнча, L-410 үлгүсүндөгү учактын бортунда 14 жүргүнчү жана экипаждын эки мүчөсү болгон. Учак Иркутскиден Казачин-Ленский районуна бараткан. Аталган районго бир нече чакырым калганда токойго чукул конууга туура келген. Бак-дарактуу тайгага конгон учактагы үч жүргүнчү жана бир учкуч өмүрү менен кош айтышты.

ТАСС агенттигинин жазышынча, авария учактын моторунун иштен чыгышынан жекоюу туманда учкучтардын катачылыгынан болушу ыктымал.

Быйыл жыл башынан бери Орусияда жеңил моторлуу учактар катышкан он кырсык катталды. Июнда Кемеров облусунда L-410 үлгүсүндөгү учак авариялык конуп, төрт адам каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG