Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

УКМК киберкоопсуздукту чыңдоо үчүн Кореядан грант алат


 Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Корея эл аралык кызматташтык агенттигинен (KOICA) Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү үчүн грант алат.

Атайын кызматтын расмий маалыматына караганда, бул долбоор өлкөнүн киберкоопсуздугун чыңдоого багытталган жана беш жылга (2021-2025) мерчемделген. Аны ишке ашыруу үчүн 5 миллион доллар бөлүнөт.

Кыргызстандын өкмөтүнүн жана күч органдарынын сайттарына 2013-жылы кибер чабуулдар болгон.

Быйыл 11-июлда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) сайтына 130 кибер чабуул аракети жасалган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG