Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Кеминдеги жол кырсыкта каза болгондордун жакындары нааразылыкка чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кемин районунда эки ай мурдагы жол кырсыгында мүрт кеткендердин жакындары 13-сентябрда Башкы прокуратуранын алдына митингге чыгышты. Алар алты кишинин өмүрүн кыйган аварияга күнөөлүү экени айтылган адам жоопко тартылбай жатканын айтып даттанышты.

Kaktus media басылмасы кабарлагандай, чогулгандар кырсыкка себепчи болгон айдоочунун тууганы Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери экенин, ушундан улам иш жылбай жатканын билдиришкен.

Нааразы болгондор менен Башкы прокуратуранын өкүлү жолугуп, тийиштүү органдарга арыз жазуу боюнча сүйлөштү.

22-июлда Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун Кеминдеги бөлүгүндө “Хонда Степвагон” жана “Мицубиси Паджеро” үлгүсүндөгү машиналар кагылышып алты киши мүрт кеткен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл сегиз айда 500дөй адам жол кырсыгынан каза болду. Бул күнүгө экиден киши авариядан көз жумат дегенди түшүндүрөт. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG