Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов эки айга камалды


БШКнын имаратынын сыртындагы жазуу
БШКнын имаратынын сыртындагы жазуу

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовдун бөгөт чарасы каралып, 11-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлады.

Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шек саналып кармалып, камалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган.

Атайын кызматтын кабарында, Эшимовго каршы арыз түшкөн, кайрылган адам БШКнын мүчөсү "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдирген. Акча 2020-жылы, июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин акчанын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген. Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган.

Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү жасап, БШК мүчөлөрү партиялардын талапкерлерин сунуштай албай турганын, аталган мекеме партиялардын мындай иштерине киришүүгө укугу жок экенин билдирген.

"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев бул иштин партияга тиешеси жоктугун айткан.

2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышкан. "Кыргызстан" саясий партиясы 7% босогодон өткөн партиялардын катарында болгон. Шайлоонун акыйкатсыз өткөнүнө нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Шайлоо жыйынтыгы жокко чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG