Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

АКШ Пхеньяндын жаңы ракета сыноосуна кабатырланды


Түндүк Корея өткөн дем алыштарда сынаган узак алыстыктагы ракета коңшу өлкөлөргө коркунуч туудурат. Бул тууралуу АКШнын Инд-Тынч океан командачылыгынын билдирүүсүндө айтылат. Анда «бул сыноо Түндүк Кореянын аскердик программасына ар дайым көңүл буруп жатканын жана коңшулар жана эл аралык коомчулук үчүн коркунуч жаратарын көрсөтөт» деп айтылган.

Түндүк Кореянын бийлиги буга чейин узак алыстыктагы ракетанын сыноосу ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган. Өлкөнүн борбордук маалымат агенттиги ракета 1500 чакырымдык алыстыкты ийгиликтүү өтүп, өлкөгө таандык сууга кулаганын жазган. Маалыматка ылайык, ракета эки жыл даярдалган.

Пхеньян жаңы ракетаны «стратегиялык маанидеги курал» деп атап, өлкө лидери Ким Чен Ын жыл башында жарыялаган аскердик потенциалды чыңдоо планынын алкагында даярдалганын билдирген.

Соңку сыноо АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген учурда Түндүк Корея өзүнүн ракеталарын өнүктүрүп жатканынан кабар берет. Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Корей жарым аралын денуклеаризациялоо боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Түндүк Кореянын бийлиги сүйлөшүү каалоосун ачык айта элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG