Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Нарматова: 70теги атамдын үйүн тинткени оор тийди


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Бийликти сындап жүргөн активист Орозайым Нарматова 10-сентябрда Ош аэропортунда Орусияга учуп баратканда кармалып, күбө катары сурак берип чыккан. Москвада жашаган актвист кандай жагдайда кармалганы жөнүндө айтып берди.

- Орозайым, сиз кандай шартта кармалып, Бишкекте сурак берип чыктыңыз?

- Байкемдин (ред: Орусиядан) сөөгүн алып келип, жерге бердик. Кыркылыгын өткөргөндөн кийин аялы, балдары болуп кайра кетип баратканбыз. Биз эки башка самолетко отурмакпыз. Жеңемдер күтүү залында болчу. Мен өзүмдүн учагыма талон алып, паспортту текшерүүгө келгенде “сизге учуп кетүүгө чектөө коюлган” деп, өздөрүнүн "тийиштүү бөлүмүнө алып барабыз" дешти. Ал жактан “ИИМдин 10-бөлүмүнүн балдары сыртта 3-4 машине менен күтүп жатканын” айтышты. Мен өзүмдүн жактоочума чалганга үлгүрдүм. Алар менин буюмдарымды алуу үчүн Биринчи май райондук сотунун чечимин көрсөтүштү. Менин эркиме каршы эле жеке буюмдарымды алып коюшту.

- Милиция кызматкерлеринен эмне себептен кармап жатышканын сурадыңызбы?

- Ооба, алар сиздерге берген биринчи маалыматтагыдай эле “аймак аралык кастыкты козутуу жана бийликти басып алууга чакырык таштадың” дешти. Менин эки жогорку билимим бар. “Мен кантип сүйлөштү билем, мыйзамсыз аракеттерге барбайм” десем, “Бишкекте тергөөдө көрөбүз” деди.

- Ошол жерден Бишкекке дароо алып жөнөштүбү?

- 20 күндөн бери жакшы уктай элек болчумун, акыркы үч күндө бир сааттан эле уктагам. Анын үстүнө аза күтүп жатканыма байланыштуу түшүнбөй калдым. “Эмнеге буюмдарымды берем” десем “соттун чечими бар” дешти. Тергөөгө деп машине менен кетип бара жатканда “кайда баратабыз?” деп сурадым. “Бишкекке” дешти. Эмнеге Ошко эмес деген суроомо “кечирип кой, Бишкекке алып келүүгө буйрук берилген” деди. Бирок жакшы мамиле кылышты.

- Тергөөдө эмне иш жөнүндө сурашты?

- Тергөөнү ачыктабаганга кол коюп бердим. Жалпы айтсам, өмүр баянымды, кайда иштегенимди сурашты. Бишкектен партиялаштарым жактоочу жалдашкан экен. Ал келди. Ал "сенин видеолоруңдун баарын көрдүм, ал жерде тынчтыкка, мыйзамдуулукка чакырыпсың" деп, эч кандай басып алуу болбогонун айтты. Менин пикиримде болгон күнөөм, УКМКнын жетекчисинин, президенттин атын айтып, катуу сындаганымды көтөрө албай калышты окшойт.

- Сизге “аймак аралык кастыкты козутуу” деген сыяктуу кине тагылып, кийин милиция күбө катары суралганыңызды маалымдады. Ошондо күбө катары эле суралдыңызбы?

- Мен дагы түшүнгөн жокмун. 10-12 саат жол жүрүп келдим, тигил жакта 4-5 саат отурдум. Мындай мыйзамсыз кармалганым моралдык жактан оор тийди жана ден соолугума зыян болду.

- Сизге буга чейин күбө катары суракка чакыруу болгонбу?

- Эч нерсе билдиришкен эмес. Мага “аза күтүп отурганыңда бастырып кире алган жокпуз” дешти. Мен “бастырып баруунун кажети жок болчу, жөн гана чакырсаңар барат болчумун” дедим. Мен Бишкекти көздөй жолдо келе жатканда айылда аза күтүп отурган атамдын үйүндө кылмышкердикиндей тинтүү кылып, атамды ыйлатканы мага өтө катуу тийди. Мен аза күтүп жатканда, саясаттан оолак болом деп турганда одоно адам укугун бузганы кыжырдантты. Ыйлап отурган жетимиштеги аксакалды ого бетер кайгыртты, ошол жерден анын кан басымы көтөрүлүп кете жаздаптыр. Ошол нерсе аябай кыжырымды келтирди.

- Тергөөдө кандайдыр бир милдеттемелерди же чектөө койдубу? Эми суракка барып турушуңуз керекпи?

- Тергөөдө эч кандай милдеттенме болгон жок. Жөн гана сурап чыгарышты. Мен ошого таң калып жатам. Эгерде олуттуу нерсе жок болсо, ошончо кыйнап, тарапташтарды дүрбөлөңгө салуунун эмне кереги бар? "Келип турсун" дешкен жок. Жакшылап Орусияга узатып жиберишти.

- Мындан кийинки кадамдарыңыз кандай, акыркы саясий процесстерге көз салып жатсаңыз керек.

Азырынча аза күтүп жатам. Бирок кечээки өздөрүнүн (ред: бийлик) кадамдары менен мени мындан ары адилеттүүлүк үчүн күрөштө күчтүү болууга түртүштү. Садыр Жапаров Атамбаевдин убагында “алсыз бийлик гана өзүнүн каршылаштары менен күрөшөт” деп айткан. Эгерде Жапаров Куренов, Молдокматов, Акаевдер менен күрөшүп жатса анда алардан дагы алсыз. Бул туура эмес.

- Сизди "саясатчыларга фанат болуп жүргөн, ошондойлорго бул окуя сабак болушу керек" деп сындагандар да болду. Буга жообуңуз кандай?

- Айрым учурда гана биздин партиянын лидерине ашыкча каралоо болуп жатканда чындыкты жазам. Ошол Жапаров, Жанар Акаев, Али Токтакуновду дагы жазгам. Бул аларга фанат болду дегенди билдирбейт. Болгону чындыкты жазганым катуу тийип, мени бирөөгө фанат катары сүрөттөгүсү келет. Мага уюштурулуп жаткан жосунсуз жоруктарды, каралоолорду айрым тарапташтарынын азыркы бийликке жагынуу аракети катары баалайм.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG