Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:22

COVID-19: Францияда эмдөөдөн өтпөгөн медиктер иштен бошотулат


Париждин чекесиндеги калкты тесттен өткөрүүчү борбор.
Париждин чекесиндеги калкты тесттен өткөрүүчү борбор.

Францияда медицина кызматкерлерин коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирүүдө. Ага ылайык, 15-сентябрга чейин вакцинанын кеминде бир дозасын албаган медиктер убактылуу кызматтан четтетилет же ишке келе албай калат. Бир жолу эмдөөдөн өткөн медиктер 15-октябрга чейин вакцинанын экинчи дозасын алышы керек.

Мындай чектөө ооруканалардын бардык кызматкерлерине, "Тез жардам" автоунааларынын айдоочуларына, карылар үйүндө иштегендерге, жеке догдурларга да тиешелүү.

Кызматкерлери вакцинациядан өтүп-өтпөгөнүн текшербеген фирмалар же жумуш берүүчүлөр 160 доллардык айып пулга жыгылат. Экинчи жолу мыйзам бузса, 4430 долларга чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Француз өкмөтү парламентте колдоо тапкан бул мыйзам бейтаптарды жана жарандарды COVID-19дун жаңы толкунунан сактай турганын билдирүүдө.

Бирок мындай чара медиктер арасында нааразылыкка себеп болуп, ооруканаларда кызматкерлердин саны азайышы мүмкүн деген кооптонууларга жол ачты.

Пандемия башталгандан бери Францияда 113 миңден ашуун адам COVID-19дан көз жумду. Адистер соңку айларда коронавирус жуктуруп, ооруканага жаткан бейтаптардын көбү эмдөөдөн өтпөгөнүн айтып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG