Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

"Европаны жаңылоо" тобу Навальныйды Сахаров сыйлыгына көрсөттү


Москва шаарындагы Алексей Навальныйды колдогон акция, 23-январь 2021-жыл.
Москва шаарындагы Алексей Навальныйды колдогон акция, 23-январь 2021-жыл.

Европа парламентиндеги "Европаны жаңылоо" тобу 14-сентябрда орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөттү.

Аталган топтун сайтында Навальный ири коомдук акцияларды өткөрүп, реформа үчүн саясий күрөшкө катышып, президент Владимир Путиндин бийлигине каршы чыгуу менен эл аралык деңгээлде атагы чыкканы белгиленген. Ошондой эле Алексей Навальный Путин корккон адам катары мүнөздөлгөн.

"Европаны жаңылоо" тобунун өкүлү, Европа парламентинин мүчөсү Ги Верхофстадт (Бельгиянын мурдагы премьер-министри) Алексей Навальный Европа Биримдиги жактаган баалуулуктар, анын ичинде демократия, мыйзам үстөмдүгү, чындык жана эркиндик үчүн күрөшүп жатканын билдирди. Верхофстадттын айтымында, учурда орус абагында жаткан Алексей Навальныйды Орусияда өз пикирин айтуудан корккон жана Евробиримдиктен колдоо күткөн көптөгөн жарандар колдошот.

Советтик физик, диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлык адам укуктарын жана эркиндикти коргогон уюмдарга жана активисттерге 1988-жылдан бери берилип келет. Былтыр бул сыйлык Беларустун демократиячыл өзгөрүүлөрдү талап кылган оппозициячыл күчтөрүнө ыйгарылган.

Оппозициячыл саясатчы былтыр августта ууландырылгандан кийин Германияда дарыланып, быйыл январда Орусияга кайтып келгенде камакка алынган. Ага жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деген айып тагылып, дээрлик үч жылга кесилген.

Путин быйыл июнда Женевада АКШ президенти Жо Байден менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынында адатынча Навальныйдын атын атабастан, ага карата куугунтук жок экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG