Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Гаагадагы сот Косово согушундагы кылмыштарды карай баштады


Гаагадагы сот. 15-сентябрь, 2021-жыл.
Гаагадагы сот. 15-сентябрь, 2021-жыл.

Нидерланддын Гаага шаарында 1998-1999-жылкы Косово согушундагы этникалык албан жикчилдердин болжолдуу кылмыштарын иликтеген атайын сотто алгачкы иш карала баштады. 15-сентябрдагы отурумда судья айыптарды расмий угузары, прокурорлор менен адвокаттарга сөз берилери кабарланган.

Косовонун боштондук армиясынын командири Салих Мустафага киши өлтүрүү, туткундарды кыйноо, аларга ырайымсыз мамиле жасоо жана адамдарды соттун чечими жок кармоо сыяктуу айыптар тагылып жатат. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Мустафа бул кылмыштарга 1999-жылдын апрель айында Приштина шаарынын чыгышындагы Злаш шаарында барган.

49 жаштагы Салих Мустафа өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда. Ал былтыр Косовонун Коргоо министрлигинде кеңешчи болуп иштеп жатканда кармалган.

Этникалык албандар менен серб күчтөрүнүн ортосундагы урушта Косовонун боштондук армиясы себеп болду деген согуштук кылмыштарды жана адамзатка каршы кылмыштарды иликтеген Гаагадагы атайын соттун иши 2015-жылы башталган.

Европа Биримдиги колдогон бул сот Косовонун мыйзамдары менен иштейт. Бирок күбөлөр коркутуп үркүтүүгө кабылбашы үчүн соттук отурумдар Нидерландда өтөт.

Мурдагы Югославиянын аймагындагы Косово согушу 1998-жылы февралда башталган. Ал кезде Сербиянын курамында провинция болгон Косоводогу албандардын эгемен өлкө болуу боюнча талаптары жана аракеттери күч менен басылган. Айрым маалыматтарга ылайык, 230 миңдей карапайым албан үй-жайын таштап, жер которууга аргасыз болгон. Катуу ырбаган согушка 1999-жылы мартта НАТО аралашкан. Белград ушундан кийин гана Косоводогу согуштук аракеттерин токтоткон.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы биротоло жоготкон. Косово болсо Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды. Ал эми Сербия 2008-жылы бөлүнүп кеткен мурдагы провинциясынын эгемендигин тааныбай, Косовону Конституцияга ылайык өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG