Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Калифорнияда шайлоочулар демократ губернаторду колдошту


Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом Лос-Анжелес шаарында. 15-июнь, 2021-жыл.
Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом Лос-Анжелес шаарында. 15-июнь, 2021-жыл.

АКШнын Калифорния штатындагы шайлоочулар Демократиялык партиядан чыккан губернатор Гэвин Ньюсомду колдоп добуш беришти. Губернаторду артка чакыртуу боюнча шайлоо шейшемби күнү өттү.

Бюллетендердин 60% саналып бүткөндөн кийин АКШдагы NBC жана CNN телеканалдары шайлоочулардын үчтөн экиси Ньюсомдун иштен кетишине каршы добуш бергенин жарыялады.

Губернаторду артка чакыртуу боюнча шайлоонун өтүшүнө жалпысынан Ньюсомдун коронавируска каршы беткап тагынып жүрүүнү милдеттендирген жана карантин чараларын киргизген чечимдери түрткү берген эле.

"Биз бүгүн түнү Калифорния штатында көп сандагы "жок" деген добушка кубанып тургандайбыз. Бирок бүгүн жалгыз эле "жок" деген добуш жөнүндө эле сөз кылбайм. Биз штат катары эмнеге "ооба" деп жооп бергенибизге көңүл бургум келет. Биз илимге, вакцинага жана пандемиянын аякташына "ооба" деп жооп бердик", - деди шейшембинин кечинде губернатор Ньюсом.

Натыйжада Кошмо Штаттардагы калкы эң көп штат Демократиялык партиянын көзөмөлүндө калды. Эгер Ньюсом шайлоодо утулса, анын ордун республикачыл партиянын талапкери ээлейт деп күтүлүп жаткан.

Бул Жо Байден президенттик кызматка киришкенден берки эң ири добуш берүү болду. Президент шайлоонун алдында Ньюсомду колдоп, үгүт жүргүзгөн. Адистер Калифорниядагы өнөктүктү өлкөнүн саясий багытын сынаган шайлоо катары мүнөздөп жатышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG